ЖК депутаттары кайрадан резиденцияга жыйынга чогулду. Видео

Жазылуу
Бүгүнкү жыйында эл өкүлдөрүнүн шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин карашы күтүлүүдө.

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттарынын жыйыны өтүп жатат. Анда эл өкүлдөрү шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин карай турганы күтүлүүдө. Буга чейин өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун парламенттин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети жактырган.

Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышар-катышпасын айтты

Эмнелер өзгөрөт десеңиз, биринчиден, шайлоочулардан алчу жети пайыздык ченди үч пайызга түшүрүү сунушталууда. Ал эми күрөө катары берилчү 5 миллион сом бир миллионго түшүрүлмөкчү. Мындан тышкары, жашаган жеринен добуш берүүгө шарт түзгөн форма №2 көйгөйүн чечүү маселеси каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0