30 күн убакыт берем, уурдаган акчаңарды кайтаргыла! Жапаровдун видеокайрылуусу

753
(жаңыланган 16:42 21.10.2020)
Бир жолку берилүүчү экономикалык мунапысты пайдалануудан баш тарткандарга мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрү эскертилди.

Премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров экономикалык мунапыс жарыялай турганын айтып, 30 күндүн ичинде казынадан уурдаган акчаларды кайтаргыла деп эскертүү берди.

Төмөндө Жапаровдун кайрылуусу толугу менен берилет:

Ушул күндөрү мамлекеттик бийлик бутактарына олуттуу милдеттер жүктөлүп жатат. Анын ичинде президент жана өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан мага өтө чоң жоопкерчиликтүү ыйгарым укуктар берилди.

Мындан улам, бизге ишеним арткан жалпы журттун жүгүн көтөрүү үчүн бүгүндөн тартып мен расмий түрдө өлкөдө экономикалык амнистия жарыялайм.

Максатым:

  • мамлекеттик бюджетти толтуруу, кошумча киреше алуу;
  • өлкөдөн чыгып кеткен жана чыгып жаткан мыйзамсыз капиталды кайра кайтаруу;
  • оффшордук эсептердеги акчаларды кайрып келүү;
  • көмүскө бизнестин ресурстарын толугу менен мыйзамдаштыруу;
  • ишкердик чөйрөнүн баарына тең шарттарды түзүү;
  • макроэкономикалык оң натыйжаларга жетишүү;
  • өлкө экономикасына зарыл болгон каражатты тезинен табуу;
  • мамлекеттик тышкы карыздарды төлөө.

Бул максаттарга жетүү үчүн соңку 30 жыл бою эң кирешелүү тармактар болгон энергетика, бажы, салык, дары-дармек, лицензия берүүчү, тоо кен жана башка тармактарга 30 күн убакыт берем. Бул төмөнкү тараптарга тиешелүү:

  • өзүнүн коррупциялык схемаларын түзүп, элдин ырыскысын тоноп жүргөн коррупционерлерге;
  • ар кандай компанияларга үлүштөргө отуруп алган мурдагы чиновниктерге;
  • ири ишканалардын акцияларына рейдерлик жол менен мыйзамсыз ээ болуп алган аткаминерлерге;
  • салыктарды төлөбөй качып жүргөн жарандарга;
  • кирешесин аз көрсөтүп жүргөн ишкерлерге;
  • мыйзамдарды бузуп жүргөн чиновниктердин тобуна;
  • министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине;
  • бажычыларга жана финансисттерге.

Силер өзүңөр деле ар бир тармак боюнча коррупциялык схемаларды абдан сонун билесиңер. Аларды өзүңөр ачыкка чыгаргыла. Анын баарын мамлекеттик казынага кайтарып бергиле! Мамлекеттен алган, казынадан жеп жаткан, жаап-жашырган ар бир тыйынды өз ыктыярыңар менен ордуна койгула. Мүлкүңөрдү, чыныгы капиталыңарды ачыкка чыгаргыла. Азырынча мен силерге убакыт жана мүмкүнчүлүк берип жатам. Кыска мөөнөттүн ичинде экономикалык мунапыс берүү жана акча каражаттарын, кыймылдуу-кыймылсыз мүлктү мыйзамдаштыруу үчүн укуктук-ченемдик негиздер даярдалат.

Эскерте кетсем, бул иш-чара бир гана жолу болот.

Ошондуктан жогоруда аталган адамдар жакшылап ойлонуп, капиталына жана мыйзамдуу жүгүртүүдөн чыгарылган мүлкүнө мунапыс алуу үчүн ушул учурду колдонуп калышы керек.

Укук коргоо, тергөө органдары менен кызматташып, ички инвестиция жасап, акчаларды экономикабызга кайрып бергиле. Ошондо баарыңарга административдик жана экономикалык кечирим болот.

Мен декларациялануучу мүлктөр менен кирешенин кол тийбестигине кепилдик берем. Мүлктү жана кирешени ыктыярдуу түрдө декларациялоо процессинде сыр сакталат. Эгерде экономикалык амнистияны пайдаланбасаңар, мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт.

Бул элдин талабы!

Бул мага ишенип тапшырган элдин мүдөөсү!

753
Белгилер:
коррупция, кайтаруу, каражат, экономика, мунапыс, кайрылуу, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Өзүбүз чакырганбыз. Жапаров Жээнбековдун отставкага кантип кеткенин айтты
Аягына чыгарабыз! Мамытканов бажыдагы коррупциялык схема боюнча оюн билдирди
Жапаров: уулума телефон чалып, кызмат үчүн 300 миң доллар сунуштагандар бар

Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имаратына экскурсия. Видео

207
(жаңыланган 16:20 25.11.2020)
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Башкы прокуратуранын өрттөнүп кеткен имаратына кирип окурмандар үчүн түз эфир алып барды.

Белгилей кетсек, Киев менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имарат 2010-жылдагы апрель окуяларында өрттөлгөн.

Бүгүн, 25-ноябрда, бул имараттын ордуна жети кабаттуу эки муниципалдык имарат куруу пландалып жатканы маалым болду. Анда Бишкек шаардык кеңештин аппараты жана шаардык кызматтар жайгашмакчы.

207
Белгилер:
имарат, Башкы прокуратура, Бишкек
Тема боюнча
Мэрия Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имаратынын тагдырын чечмей болду

Жогорку Кеңештин депутаттары 2021-жылдын бюджетин карады. Видео

104
(жаңыланган 17:58 25.11.2020)
Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бүгүн депутаттар чоң жыйындар залында отурушат. Бул жер оңдоп-түзөөдөн өтүп, октябрдагы башаламандыктардан кийин биринчи ирет чогулушууда.

Түшкү тыныгуудан кийинки жыйын башталды. Күн тартибинде башкы маселе "2021-жылдын республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору.

104
Белгилер:
бюджет, түз эфир, жыйын, Жогорку Кеңеш
Тема боюнча
Новиков Кыргызстан чет жактан канча карыз алып, кайда жумшаганын айтты
ЖК социалдык өнүктүрүү министри кызматына Ализа Солтонбекованы колдоду
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив

Көк бөрү көрөбүз! Хабиб машыктыруучусу менен Кыргызстанга келет

122
(жаңыланган 01:19 26.11.2020)
Нурмагомедов Кыргызстанга 2018-жылы келген. Анда ал өлкөдө ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу Хавьер Мендез Instagram баракчасына Кыргызстанга келип, көк бөрү оюнун көрүү каалоосу тууралуу жазган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Javier Mendez (@akajav)

Мендез менен Нурмагомедов азыр Бириккен Араб Эмирлигинде жүргөнү маалым болду. Машыктыруучу Кыргызстанды кайрадан көргүсү келип жатканын кыргыз ишкери менен жолукканда айткан.

"Кереметтүү Кыргызстанга барууну чыдамсыздык менен күтүп жатам, ошондой эле көк бөрү оюнун да көрсөк дейбиз", — деп жазган Мендез. 

UFC чемпиону да Instagram баракчасынын сторис бөлүмүнө "Жакында Кыргызстанга барам" деп жазган.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Хабиб Нурмагомедов Улуттук олимпиада комитетинин чакыруусу менен өлкөгө келип кеткен. Анда ал КРде ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

122
Белгилер:
Көк бөрү, спортчу, тренер, Хабиб Нурмагомедов, Кыргызстан
Тема боюнча
Миссиямды аткардым. Хабиб кайра октагонго чыгар-чыкпасын айтты