Пандемияга дагы бир сокку. Россияда үчүнчү вакцина сыноодон өтө баштады. Видео

Жазылуу
Россияда Чумаков атындагы илим-изилдөө борборунда иштелип чыккан коронавируска каршы үчүнчү вакцинаны сыноо иштери башталды.

Коронавируска каршы жаңы вакцинаны иштеп чыккандар эгер Саламаттык сактоо министрлиги препаратты декабрь айында каттоого алса, жылдын аягына чейин массалык түрдө өндүрүү башталат деп үмүт кылууда.

Буга чейин мамлекеттик каттоодон дүйнөдөгү алгачкы вакцина катары Гамалея атындагы илимий борбордо жасалган "Спутник V" препараты өткөн. Учурда препаратты тестирлөөнүн үчүнчү этабы чет өлкөлөрдө өтүп жатат. Ошондой эле Новосибирскидеги "Вектор" борборунда иштелип чыккан вакцина каттоого алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0