Спецназдын Ошто кримтөбөлдү кармаган учуру. Видео

Жазылуу
Ош облусунда криминалдык чөйрөдөгү адамдардын бири кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлап, кармоо учурун YouTube каналына жарыялады.

Видеодо көрүнүп тургандай, спецназ шектүүнү колго түшүргөндөн кийин жерге жаткырып, колун кишендеп, андан бир нече суммадагы акча каражатын тапкан.

ИИМ билдиргендей, ага чейин жергиликтүү тургун 34 жаштагы жаран опузалап акча талап кылып жатканы боюнча милицияга арызданган. Маалым болгондой, кримтөбөл арыз ээсинен бир нече айдан бери 100 миң сом же беш сотых жер бер деп талап кылып жүргөн.

УКМК Камчы Көлбаев кайсы кылмышы үчүн кармалганын айтты

Милиция кызматкерлери шектүүнү 20-октябрда Кара-Суу районунан колго түшүрүшкөн. Анын криминал чөйрөсүнө тиешеси бар экени аныкталып, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турары маалым болду. Буга чейин ал Россияда каракчылык үчүн соттолуп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0