Футболчу Гүлжигит Алыкулов жаракат алып калды. Видео

Жазылуу
Гүлжигиттин жаракаты канчалык олуттуу экени компьютердик томографиядан өткөндөн кийин билинери айтылды.

Казакстандын "Кайрат" клубунда ойноп жаткан кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов жаракат алды. Бул тууралуу аталган команданын социалдык тармактардагы расмий баракчаларында айтылат.

Күйөрмандар Гүлжигит Алыкуловдун жаракатына тынчсызданып жатканы боюнча клубдун башкы машыктыруучусу Алексей Шпилевскийге журналисттер суроо узатышкан.

"Гүлжигиттин жаракаты боюнча азырынча так аныктама айтыла элек. Компьютердик томографиядан өткөндөн кийин баары анык болот. Буту олуттуу жаракат албаса керек деп үмүт кылабыз", — деген башкы машыктыруучу.

Футбол: "Алай" Кыргызстандын кубогу мелдешин утту

Эске салсак, 22-октябрда Казакстандын чемпионатынын 14-турунда "Кайрат" өз талаасында "Каспий" клубун кабыл алып, 3:1 эсебинде уткан. Беттештин 19-мүнөтүндө алматылыктардын кезектеги чабуулу учурунда Гүлжигит Алыкулов сол тизесинен жаракат алып, бир буттап аксаган бойдон оюн талаасынан чыгып кеткен.

Дарыгерлердин алдын ала текшерүүлөрүнөн кийин кыргыз футболчусу 22-мүнөттө алмаштырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0