Ысык-Көлдө ак илбирсти дрон менен видеого тартып алышты

Жазылуу
Интернетте Кыргызстандын тоолорунда жүргөн ак илбирстин видеосу тарады. Квадрокоптерде тартылган кадрларды өзүнүн YouTube каналына ПРООН эл аралык уюму (UNDP in the Kyrgyz Republic) жүктөгөн.

Уюмдан билдиришкендей, видео "Соодага жардам көрсөтүү" долбоорунун алкагында Кыргызстандын алыскы аймактарына уюштурулган экспедиция учурунда тартылган.

"Катышуучулар ак илбирсти көрүп, тартып алуусу үчүн көп күч жумшалды. Кызыл китепке кирген жаныбарды 20-сентябрь күнү Ысык-Көл облусунун Кара-Сай аймагынан жолуктурдук. Кыргызстан — таң калтырган өлкө. Пландабаган жерден эле көп нерселер болуп кетиши ыктымал, дал ушул нерсе көптөрдү кызыктырат. Эч нерсеге үмүттөнбөй чыгып, жеңүчүү болуп кайтуу — укмуштуу окуялар коштогон туризмдин негизи. Тоо падышасы ак илбирс муну далилдеп койду", — деди уюмдун өкүлү.

Эске салсак, 23-октябрь - Эл аралык ак илбирс күнү (International Snow Leopard Day). Бул дата 2013-жылы Бишкек шаарында өткөн Илбирсти сактап калуу боюнча бүткүл дүйнөлүк форумда негизделген.

Жаңылыктар түрмөгү
0