Хабиб менен Гэтжи беттешкен UFC 254 турниринин эң кызуу ирмемдери. Видео

Жазылуу
Кечээ, 24-октябрда, Абу-Дабидеги Яс аралында UFC 254 турнири өтүп, жеңил салмактагылар арасындагы чемпион Хабиб Нурмагомедов атаандашы Жастин Гэтжини жеңип, чемпиондук наамын сактап калды.

Аталган турнирдеги беттештердин эң кызыктуу учурларын UFC Russia YouTube каналына жүктөдү.

Кеченин башкы кармашында Хабиб атаандашына үч бурчтук ыкмасын колдонгон, тагыраагы, эки бутун бириктирип туруп, атаандашынын моюнун кысып салган. Гэтжинин эси оогондон кийин рефери беттешти токтотууга аргасыз болгон.

Көз жашын тыя албай... Хабиб жеңишинен кийин октагондо атасын жоктоду. Видео

Октагондо россиялык чемпионго сөз берилгенде, ал спорттук карьерасын жыйынтыктаганын жар салды. Ал UFC мелдешинде 29 жолу беттешке чыгып, баарын жеңген биринчи мушкер болуп калды.

Ал эми кеченин дагы бир маанилүү кармаштарында Роберт Уиттакер Жаред Канноньени калыстардын чечими менен Александр Волков Уолт Харристи техникалык нокаут менен жеңген.

Мындан тышкары, UFC уюмунда алгачкы ирет ат салышкан казакстандык спортчу Шавкат Рахмонов бразилиялык Алекс Оливейраны муунтуу ыкмасы менен жеңген.

Жаңылыктар түрмөгү
0