Караокеге барып, санитардык эреже бузгандар экинчи кабаттан секирди. Видео

Жазылуу
Казакстандын бир катар шаарларында эпидемиологиялык абалдан улам көңүл ачуучу жайлардын иштешине тыюу салынган.

Нур-Султан калаасында карантин эрежесин бузгандар полиция кызматкерлеринен качып, караоке бардын экинчи кабатынан секирген.

Тартип сактоочулардан качкандардын видеосун казакстандык бир канча ЖМКлар жарыялады.

Кытайда окуучулар аралыкты сакташ үчүн өзгөчө ыкма ойлоп табышты. Видео

"Кайгуулдап жүргөн полиция кызматкерлери SOVA аталышындагы караоке-бардын алдынан топтолгон кишилерди байкаган. Жакындап келген тартип сакчыларын көргөндөр имараттын ичине кире качкан. Администратор менен кардарлар карматпоонун айласын кылып экинчи кабаттан секирген. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес", — деп айтылат Нур-Султан шаарынын Полиция департаменти тараткан маалыматта.

Тартип сакчылары топтолгон материал тиешелүү жактарга берилерин жана аталган жай карантин талабын буга чейин бир нече ирет бузганын да айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0