ЖКККББдин жетекчи орун басарынын пара алып жаткан учуру видеого түшүп калган

Жазылуу
Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин "Пара алуу" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары С.Н.Р. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Комитет анын кызматкерлерден акча алып жаткан учурунун видеосун жарыялады.

Маалыматка караганда, ЖКККББдин жетекчилик кызматтагы адамдары сый акы алганы боюнча коррупциялык схема аныкталган.

УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаев бошотулат деген кептерге жооп кайтарды

Ведомстводо мындай инициалдарга туура келген бир эле орун басар бар. Ал — Сатыбалдиев Нур Рысканович. Сатыбалдиев бир жыл мурун Бишкекте түзүлгөн Кайгуул күзөт милициясына адамдарды жумушка алууда акча алып турган деп шектелип жатат.

Мындан сырткары, ал иштеп жаткан милиционерлерди кызматынан көтөрүү үчүн пара алып турганы кабарланды.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси ("Пара алуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0