Экс-спикерлерге чепкен кийгизген төрагага вице-спикер тамаша ыргытты. Видео

Жазылуу
Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангандан кийин мурдагы спикерлерге ыраазычылык билдирип, чепкен кийгизди.

Ал кыргыздын салтын улай турганын айтып, бүгүн кызматтан кеткен Канат Исаевге чепкен, калпак кийгизди. Андан соң Дастан Жумабековду чакырып, ага да чепкен жапты. Мамытов үчүнчү кийит бир жума төрага болуп иштеген Мыктыбек Абдылдаевге даярдалганын белгиледи. Бирок ал бүгүнкү жыйынга келген эмес.

Жапаров премьерге кеңешчи болгонун айтса, Бакиров какшыктап күлкүгө салды. Видео

Андан соң вице-спикер Мирлан Бакиров жаңы шайланган төрага Мамытовго ийгилик каалап, VI чакырылыштын аягына чейин иштешине тилектештигин билдирди. Ошону менен катар "эми төртүнчү чепкен болбосун" деп тамаша аралаштырып кайрылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0