Сапсары өңдөгү жаныбарлар 1997-жылы Индиянын Гуджарат аймагында, андан соң ушундай эле генетикалык аномалия менен Мьянма жана Бангладеште табылган.
АКШда туулган жашгылт түстөгү күчүктүн видеосу
Видео жана сүрөттөгү бул жаныбарды балык уулаган тордон чыгарып алышкан. Биологдордун айтымында, шарты катаал жапайы жаратылышта анын жашап кетүүсү күмөн.
Индиялык адис Дебаниш Шармдын социалдык баракчасынан аталган жаныбарды жакшылап көрүүгө болот.
Today a Yellow Turtle was rescued from a Pond in Burdwan,WB. It's one kind of a rarely occuring Flapshell Turtle. @ParveenKaswan @SanthoshaGubbi @RandeepHooda @rameshpandeyifs pic.twitter.com/enTyNAkxmP
— Debashish Sharma, IFS (@deva_iitkgp) October 27, 2020
Окумуштуулар мындай көрүнүш генетикалык оору экендигин, ал организмдеги пигменттерди (айбан жана өсүмдүк организминдеги түс берүүчү зат) толугу менен жок кылып саларын айтышкан. Кээ бир учурда сары жана кызыл сары өңдөр (птеридин менен каротин) басымдуулук кылып кетерин кошумчалашкан.
Анткен менен жогорудагыдай өзгөчөлүк таш баканы башкалардан айырмалап турганы менен жашоосун татаалдантарын айтышты.
Daily Mail аял-күйөөсүн күтүүсүз коноктор "тосуп алгандыгын" жазды.
Алар бош үйүндөгү "конокторду" видеого тартып алышкан. Кадрдан айнек терезенин алдында жайбаракат күн чубактап жаткан алты арстанды көрүүгө болот.
Маалыматта үй улуттук Крюгер паркынын жанына жайгашып, Дэвиддин атасына тиешелүү экендиги жазылган. Адатта ал тегеректен ээн-эркин жүргөн жырткычтарды көп кездештирүүгө болот.
Там сатыкка коюлуп, бир нече мезгилден бери бош турган. Адам жыты келбегендиктен, жырткычтар ал жерди байырлай баштаган.
Sputnik агенттиги даярдаган даректүү тасма кырсыктын себептерин иликтөө боюнча документтин негизинде даярдалды. Ал кырсык тууралуу көп жазылды, бирок табышмак бойдон калган нерселер али да арбын.
Ошондой эле каргашада 39 адам каза болгону айтылат. Алардын 35и жергиликтүү тургундар болсо, төртөө — экипаждын мүчөсү. Анда эмне үчүн эстелик ташка 40 адамдын ысымы чегилген. Атургай кээ бирөөлөр 43 кишинин өлгөнүн айтышат. Анда аты айтылбаган төрт киши ким?
Бул суроолорго Sputnik даярдаган даректүү тасмадан жооп аласыз. Эгер даректүү тасмага убактыңыз тар болсо, анда видеоинфографиканы көрүңүз.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкерлери Кубаныч Абдисалам уулу (жеңил салмак) жана Жыргал Чомонов (оор салмак) бүгүн BRAVE CF & KREPOST промоушендеринин биргелешкен мелдешинде беттешке чыгышат. Алардын атаандаштары менен көз караштар таймашын промоушен өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Кубаныч Абдисалам уулу тажикстандык Жагонгир Саиджамалов менен кармашат. Кыргызстандык бир катар спорттук пабликтер мушкерлердин көз караштар таймашына чыккан видеосун жарыялашты.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ал эми оор салмакта Жыргал Чомонов россиялык Константин Ерохин менен беттешет.
Мелдеш Сочи шаарында өтөт. Кыргызстандык эки мушкердин тең беттеши турнирдин жогорку кардына коюлган.
Эске салсак, учурда UFC уюмунун "2020-жылдын ачылышы" наамына татыган мушкер Хамзам Чимаев да дал ушул BRAVE CF промоушенинен чыккан.