Кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов ONE Championship уюмундагы чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоду.
Аббасов промоушендин жарым орто салмакта америкалык Жеймс Накашими менен кармашып, жеңип алды. Үчүнчү раундда кыргызстандык мушкердин тизеси менен атаандашынын бет тушуна тепкен кубаттуу соккусу беттештин тагдырын чечти.
Бул кыргызстандык мушкердин чемпиондук курун коргоо үчүн чыккан алгачкы беттеши болду.
"Барселона" клубунун капитаны Лионель Месси бильбаолук "Атлетик" командасы менен Испаниянын суперкубогунун финалында орой оюну үчүн беттештен куулду. Бул тууралуу Р-Спорт маалымат булагы жазды.
Севильяда өткөн чечүүчү беттеште "Атлетик" 3:2 эсеби менен утуп, Испаниянын суперкубогун алды.
Интернеттеги жеткиликтүү маалымат базасы менен алектенген Gracenote компаниясы Месси "Барселона" клубундагы карьерасында өткөргөн 753 беттешинде биринчи ирет кызыл айып кагазын алып, оюндан четтетилгенин Twitter баракчасында белгиледи.
Маршруткалардын айдоочулары бүгүн, 18-январда, жол кирени 5 сомго көтөрүп 15 сом кылуу талабы менен иш таштай турганы айтылган. Ал арада айрымдары каттамга чыкпай койгону белгилүү болду.
Бишкек шаарынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев тарифти көтөрүүгө даяр экенин, бирок азыр дароо ишке ашыруу мүмкүн эместигин билдирди. Аны менен катар бүгүн жумушка чыкпай койгон маршруттук каттамдын лицензиясы алынып, башкаларга берилерин эскертти.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кичинекей кыргызстандык Айлинге кайрадан операция жасоого туура келип жатканын Сатыбалдиевдердин үй-бүлөсүнүн жакындары кабарлашты. Кайдыгер эмес жарандардан жардам керек болууда.
Наристе 2019-жылдын 29-декабрында төрөлгөн. Үч айдан кийин ал ак канга чалдыккан. Кыздын атасы Талант Сатыбалдиев буга чейин Sputnik агенттигине берген маегинде дарыгерлер эки ай убакыт бергенин айткан. Буга байланыштуу 100 миң доллар топтоо үчүн элден жардам суралып, эсеп ачылган эле.
Клиника арзандатуу жасап, топтолгон каражатка 10-ноябрь күнү наристенин жүлүнүнө операция жасалган. Ага энеси донор болуп берген. Үй-бүлө кыздын абалы жакшырып, ооруканадан чыкканын айтышкан.
Бирок Сапанованын айтымында, алар оорукананын имаратынан сырткары үч эле жума жашашты. Кайра текшерүүдөн өткөндө жаңы жүлүндө жетиле элек клеткалар пайда болгону аныкталган. Башкача айтканда, оору наристеге кайра кайтып келген.
Бул жолу кызга атасы Талант Сатыбалдиев донор болуп бермекчи. Ал Борбордук шайлоо комиссиясында иштейт. БШКнын өкүлү Руслан Изреков бир нече күн мурда Сатыбалдиев Түркияга учуп кеткенин тастыктады.
Сапанова биринчи операция үчүн алган карыздарын толук кутулуп бүтө электе экинчи операцияга жардам суроого аргасыз болуп жатышканын айткан. Ал реквизиттерди өзүнүн Facebook баракчасына жарыялаган.