Чапкан аты тай казанга түшүп калды. Көк бөрү финалынын кызыктуу учурлары видеодо

Жазылуу
Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо көк бөрү боюнча президенттик кубок өтүп жатат. Биринчи лиганын финалында "Мурас" менен "Ала-Тоо" командалары күч сынашты. Эки тараптын тең көкбөрүчүлөрү катуу даярдык менен келип, мыкты оюн көрсөтүштү.

Оюндун биринчи бөлүгүндө "Ала-Тоонун" улакчысы Манас Ниязов эсеп санын ачты, андан соң "Мурастын" оюнчулары удаасы менен каршылашынын тай казанына эки улак салды. Ошентип биринчи тайм 2:1 эсеби менен соңуна чыкты.

Ал эми экинчи бөлүктө "Ала-Тоо" командасы эсеп санын теңөөгө жетишти. Бирок атаандаштары да катуу каршылык көрсөтүп, эки салым менен жооп кайтарып, эсепти 4:2ге жеткирди.

Чечүүчү үчүнчү таймда эки команда тең тай казанга бирден улак таштады.

Ошентип айыгышкан беттештин соңунда 5:3 эсеби менен "Мурас" командасы жеңишке жетти.

Чолпон-Атада эр эңиш оюну аяктады. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси жана сүрөттөрү

"Мурас" командасы Ысык-Көлдө, ал эми "Ала-Тоо" Ош шаарында быйыл жаңыдан куралып, биринчи ирет мелдешке катышты. "Ала-Тоо" командасынын курамына мурда "Достукта" ойноп жүргөн Манас Ниязов, Таштемир Майлибашев кирген.

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү боюнча КР президентинин кубогу өтүп жатат. Мелдеш 3-ноябрдан 8-ноябрга чейин уланды. Жогорку лигада алты, ал эми биринчи лигада 12 команда катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0