"Ынтымак" "Достуктун" айласын кетирип утуп алды. Урунттуу учурлар видеодо

1058
(жаңыланган 20:09 08.11.2020)
Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо көк бөрү боюнча президенттик кубок өттү. Жогорку лигада эзелки атаандаштар, "Ынтымак" жана "Достук" командалары баш байгени талашты.

Бул жолку оюнда "Ынтымак" командасы артыкчылык кылып, улакты удаама-удаа салып жатты. Ал эми "Достук" жетиштүү деңгээлде жооп кайтара алган жок.

Оюн учурунда жекеме-жекеде тирешип жаткан улакчылар чырдаша кетип, эки команданын ортосунда жаңжал чыкты. Бирок 10 мүнөттүк тыныгуу маалында кайра элдешип келишти.

Натыйжада "Ынтымак" командасы 9:2 эсеби менен жеңишке жетип, президенттин кубогуна ээ болду.

Оюнду Sputnik Кыргызстан түз эфирден чагылдырды, аны толугу менен бул жактан көрө аласыздар.

Жогорку лиганын жеңүүчүлөрү жана сыйлыгы:

  • 1-орун — "Ынтымак" командасы, 500 миң сом;
  • 2-орун — "Достук", 250 миң сом;
  • 3-орун — "Сары-Өзөн", 120 миң сом.

Мыкты ат — "Достук" командасынын Пегас аргымагы, 10 миң сом;

Мыкты оюнчу — "Ынтымак" командасынан Нуржан Мелисбек уулу.

Чапкан аты тай казанга түшүп калды. Көк бөрү финалынын кызыктуу учурлары видеодо

Бул көк бөрү мелдеши быйылкы сезондун биринчи жана акыркысы болуп калды. Себеби карантиндик чектөөлөрдөн улам жыл башынан бери бир дагы оюн өткөн эмес.

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү боюнча КР президентинин кубогу болуп өттү. Мелдештер 3-ноябрдан 8-ноябрга чейин уланды. Жогорку лигада алты, ал эми биринчи лигада 12 команда катышты. Биринчи лиганын баш байгесин "Мурас", экинчи орунду "Ала-Тоо", үчүнчү орунду "Келечек" командасы ээледи.

1058
Белгилер:
"Ынтымак" командасы, финал, оюн, Көк бөрү, Чолпон-Ата
Тема:
Көк бөрү боюнча президенттик кубок (16)
Тема боюнча
Алды 35 миң сомдон илип кетти. Чолпон-Атада ат чабыш боюнча мелдеш аяктады
Чолпон-Атада эр эңиш оюну аяктады. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси жана сүрөттөрү
Чолпон-Атадагы көк бөрү оюнун блогерлер дагы чагылдырат. Шарт-талабы

Антонина Шевченконун учакты башкарып, асманда калкыган видеосу

240
UFC уюмунун кыргызстандык мушкери Антонина Шевченко бир моторлуу учакты өзү баштарып, чакан авиациядагы жолу тууралуу кеп кылган берүү даярдалды.

"Путь Пилота" YouTube каналына "Пантера" каймана аты бар мушкер кыздын чакан авиациядагы жолу, өзү сатып алган учагы жана кантип учкуч болуп калгандыгы тууралуу айтып берди.

Спортчунун айтымында, ага учкуч болуу идеясы келгенине көп болгон. Бирок ал кыялын ишке ашырууну АКШга барганда көздөй баштаган. Былтыр февраль айында Лас-Вегас шаарында учкучтар мектебине барган. Алгачкы ирет сентябрь айында өз алдынча учуп, декабрда жеке учкучтун сертификатын алган.

Антонина Шевченко — UFC уюмунун кыргызстандык мушкери, белгилүү спортчу Валентина Шевченконун бир тууганы.

240
Белгилер:
Берүү, видео, Учкуч, Антонина Шевченко
Тема боюнча
Майянын кашын жарып салды. Шевченко чемпиондугун коргогон беттештин видеосу

Айла кетип, балдардын кийимин тигип сата баштадык. Ракка чалдыккан аялдардын бизнеси

532
(жаңыланган 18:29 24.11.2020)
Sputnik Кыргызстан агенттиги рак илдети менен алышкан кыздардын химиотерапиясына акча чогултуп жаткан аялдардын иши менен таанышып келди.

Ракка кабылган кыз-келиндердин өнөрканасында жумуш кечинде башталат. Күндүз айрымдары башка жумуштарда иштеп келишет да, кечинде бир бөлмөлүү чакан цехке чогулушат. Азыр алар балдардын жылуу кийимдерин тигип жаткан кездери.

"Жашоо үчүн бирге" коомдук фондунун төрайымы Шайырбү Сагынбаеванын айтымында, түшкөн каражат рак менен азыркы тапта алышып жаткандардын химиотерапия, дары-дармегине жумшалат.

"Бул оору каражатты абдан көп талап кылат. Биздин тагдырды акча гана чечет. Жакында эле Назико деген жапжаш кыз ушул дарттан каза болду. Каражаты жок үч химиотерапиясын өткөрүп жибериптир. Бизге кеч кайрылып калды. Ал учурда пандемия болуп экобаштыктарыбыз да өтпөй жаткан. Бет кап тигип, дарыканалардан карызга дары алып болгон аракетибизди кылдык. Бирок оору өтүшүп кеткендиктен каза болуп калды. Азыр түшкөн акча менен ошол карызды жаап жатабыз", — деди Сагынбаева.

Бет кап, экобаштык өтпөй калганда алар балдардын кийимин тиге башташкан. Сагынбаева азыр кардарлар көбөйүп, буюртма көп түшө баштаганын белгиледи.

"Кийимдер жылуу, ыңгайлуу. Баасы 1000 сомдон 1500 сомго чейин. Азыр кээ бири үй-бүлө мүчөлөрүнүн баарына буюртма берип жатышат. Мындан улам чоңдорго да буюртма менен тиге баштадык. Карыздан кутулгандан кийин өзү арабада отурган жалгыз бой Ира деген аялдын дары-дармегин алып берип, химиотерапиясынын акысын төлөөгө жардам беребиз. Ал дагы ракка кабылып, жакында эле жардам сурап келди. Ирага айына 100 миң сомдой акча керектелет", — деди Сагынбаева.

Бейтап аялдарды түйшөлткөн дагы бир маселе — дарылардын асман чапчыган баасы. Айгүл Кыдырмышеванын айтымында, рактын дарысы ортомчулар менен Кыргызстанга келгиче өз баасынан эки-үч эсе кымбат болуп кетет. Мындан улам алар өкмөттөн социалдык дарыкана ачып коюуну суранышты.

"Көбүнүн акчасы жок, убагында дарыларын ичпей, химиотерапиясын албай бейтаптар каза болуп калып жатышат. Ошол себептен социалдык дарыкана ачып коюуну суранабыз. Анда дарылар чет өлкөдөн кайсы баа менен келсе, ошол нарк менен сатылат. Азыр бизде рактын дарыларын он эсе кошуп сатып жатышпайбы. Ошондуктан аялдардын ал дарыга акчасы жетпей, ала албай калышууда", — деди Кыдырмышева.

Ракты жеңгендердин бири Жылдыз Жапар кызы өнөрканага айрым аялдар ичиндеги букту чыгарып алыш үчүн келишет дейт. Анын айтымында, ооруган аялдар бири-бирин жакшы түшүнөт, кыйналып жатса бири-биринен жардамын аябайт.

"Цехке келгенден кеткенге чейин сөзүбүз да, күлкүбүз да тыйылбайт. Кадимкидей эс алып калабыз, көпкө көрүшпөсөк сагынышып кетебиз. Көп эле аялдар бул жакка келип ичиндеги айта албай жүргөн нерселерин айтып, ачылышат. Өзүм негизи аскер кызматкери болчумун. Пенсияга чыккандан кийин ооруп калып, дарттын азабын тарттым. Бирок жакындарымдын колдоосу менен жеңип, кийин ушул фонд менен аралашып иштешип калдым. Азыр колум бош болсо эле цехке келем", — деди Жапар кызы.

Рак менен ооруган кыз-келиндер үчүн биринчи кезекте жакындарынын колдоосу, анан каражат керек дейт Шайырбү Сагынбаева. Ал ооруп калган аялдарын таштап кеткен эркектер көп экенин айтып кейиди.

532
Белгилер:
онкология, кайрымдуулук, кийим, бала, оору, рак
Тема боюнча
Өзгөчө кыз-келиндердин чүрөктөй сүрөтү менен жүрөк тилген баяны
Ак жарык. Канададан баштыкка буюртма берип, өмүр узарткан мекендештер
Турсунбек Жумабеков. Архив

Бүгүн дагы бир талапкер президенттик шайлоого катышуу ниетинен кайтты

0
(жаңыланган 23:08 24.11.2020)
Сок өндүрүү боюнча компаниянын башчысы, 44 жаштагы Жумабеков шайлоонун алдында жарыштан четтеген 16-жаран болду.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Президенттикке талапкерлигин койгон Турсунбек Жумабеков жарышка катышуудан баш тартып, арызын артка чакыртып алды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Ушуну менен мамлекетти башкарууга ниеттенгендердин саны 47ге түштү.

Сок өндүрүү боюнча компаниянын башчысы, 44 жаштагы Жумабеков шайлоонун алдында жарыштан четтеген 16-жаран болду.

Эске салсак, шайлоого катышууга жалпы жонунан 65 киши арыз берген. Бирок талапкерликти көрсөтүү процесси аяктаганга чейин эле эки жаран арызын чакыртып алган. Ошентип Боршайком 63 атаандаштын документтерин кароого киришкен, алар менен бул шилтеме аркылуу тааныша аласыздар.

0
Белгилер:
каттоо, талапкер, шайлоо, БШК
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Тема боюнча
БШК президент болом деген 12 талапкерди жарыштан четтетти
Шайлдабекова президенттик шайлоону өткөрүү штабына теңтөрайым болду