Кыпкызыл чокко айланган базар. “Орто-Сайды” каптаган өрттүн асмандан көрүнүшү

Жазылуу
“Орто-Сай” базарынан чыккан өрт дагы деле басыла элек. Жерине беш өрт өчүрүүчү бригада, бир автошаты, бир суу ташуучу унаа тартылган. Өчүрүү иштерин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов көзөмөлдөп жатат.

Sputnik Кыргызстандын журналисттери учурда окуя болгон жерден түз алып берүүдө.

Алоолонгон өрттүн асмандан тартылган видеосунан базардын бир нече бөлүгү күйүп жатканын көрүүгө болот.

Алоолонгон өрт, каптаган кара түтүн. “Орто-Сай” базарынан онлайн-репортаж

ӨКМдин маалымат кызматы өрт саат 02:16да чектөөгө алынганын билдирди. Бул өрттүн андан ары өрчүшүнө жол берилген жок дегенди түшүндүрөт. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Кырсык тууралуу Өрт өчүрүү кызматына 9-ноябрга караган түнү чакыруу түшүп, саат 00:18де алгачкы биригада чыгып кеткен.

Азырынча жаракат алган адамдар туурасында так маалымат жок.

“Орто-Сай” базары Бишкектин түштүк тарабында Юнусалиев менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Бул жерде кийим-кече, азык-түлүк жана тиричилик каражаттары сатылат. Калаадагы ири базарлардын бири.

Жаңылыктар түрмөгү
0