Таң атканча иштешкен. "Орто-Сай" базарындагы өрттү өчүрүп жаткан видео

309
(жаңыланган 11:31 09.11.2020)
9-ноябрга караган түнү ордо калаанын түштүгүндө жайгашкан "Орто-Сай" базарынан өрт чыккан. Тилсиз жоо эки сааттан кийин чектөөгө алынып, толугу менен эртең мененки тогузга аз калганда өчүрүлгөн.

Базардан чыккан өрттү өчүрүү учурунун видеосу ӨКМдин Facebook баракчасына жарыяланды.

Видеодон ӨКМ кызматкерлеринин ары-бери чуркап базардагы өрттү өчүрүп жатканын көрүүгө болот. Бири тепкичи бар автоунаанын үстүнө чыгып, имараттын жогору жагындагы түтүнгө суу чачса,  башкалары базардын ичиндеги жалынды өчүрүүгө аракет кылып жатышат.

Маалым болгондой, тилсиз жоону өчүрүүгө ӨКМдин атайын 5 бригадасы тартылып, жерине министрдин орун басары Калыс Ахматов дагы барган.

Кыпкызыл чокко айланган базар. "Орто-Сайды" каптаган өрттүн асмандан көрүнүшү

Өрт болжол менен 1800 чарчы метр жерди жалмаганы айтылды. Каза болгондор жана жабыркагандар жок. ӨКМдин маалымат кызматы азыркы тапта өрттүн келип чыккан себептери жана чыгымдары такталып жатканын айтты.

309
Белгилер:
өрт өчүрүүчү, видео, өрт, Орто-Сай базары, Бишкек
Тема боюнча
Алоолонгон өрт, каптаган кара түтүн. “Орто-Сай” базарынан онлайн-репортаж

Россиянын чемпионатында балбандар мушташа кетти. Видео

103
(жаңыланган 10:50 04.12.2020)
Ингуш балбаны Бабули Цолоев менен осетиялык Алан Багаев чейрек финалда кезиккен. Күрөш башталбай жатып бокска айланган.

Россиянын Смоленск шаарында эркин күрөш боюнча өткөн жаштар арасында өлкө чемпионатында Осетия менен Ингушетиянын балбандары мушташа кетти. Бул тууралуу Sputnik Осетия жазды.

Ингуш балбаны Бабули Цолоев менен осетиялык Алан Багаев чейрек финалда кезиккен. Алардын кармашы башталбай жатып бокска айланган.

Мушташкандарды машыктыруучулар, аренанын кызматкерлери жана атайын даярдыктагы милиция токтотуп калган. Спорттук эрежелерди сактабаган эки балбан тең мелдештен четтетилген.

Кийинчерээк алар элдешип, социалдык тармактарга чогуу түшкөн сүрөттөрүн чыгарышканын Р-Спорт жазды.

103
Белгилер:
мушташ, балбан, Ингушетия, Россия, эркин күрөш
Тема боюнча
Казак футболчусу Улуттар лигасында оюн талаасынын ортосунан гол киргизди. Видео
Өзбекстандагы футболдук беттеш массалык мушташ менен аяктады. Видео

Овечкиндин "Финикске" киргизген шайбасы XXI кылымдын мыкты голу болду. Видео

69
Sportsnet басылмасы 2000-жылдан азыркыга чейин киргизилген 140 миң голдун ичинен 32 финалистти тандаса, анын мыктысын хоккей ышкыбоздору социалдык тармактардагы сурамжылоо аркылуу аныкташкан.

Улуттук хоккей лигасындагы (NHL) АКШнын "Вашингтон" командасынын чабуулчусу, россиялык хоккейчи Александр Овечкиндин "Финикс" командасынын дарбазасына киргизген шайбасы 21-кылымдын мыкты голу деп табылды. Бул тууралуу Р-Спорт маалымат булагы жазды.

Sportsnet абройлуу басылмасынын эксперттери 2000-жылдын январь айынан бери киргизилген 140 миң голдун ичинен 32 финалистти тандап алышкан. Анын мыктысын хоккей ышкыбоздору социалдык тармактардагы сурамжылоо аркылуу аныкташты.

Тандоодо россиялык спортчунун 2006-жылы киргизген голу 55,1 пайыз добуш алып жеңүүчү болгон. "Коламбус" командасынын мурдагы чабуулчусу Рик Нэштин "Койотс" командасынын дарбазасына киргизген шайбасы экинчи орунду ээледи.

69
Белгилер:
Александр Овечкин, мыкты, гол, Вашингтон, хоккей
Тема боюнча
Месси "Осасунага" киргизген голун Марадонага арнады. Видео
Роналдунун голу Чемпиондор лигасынын мыкты голу деп тандалды. Видео
Манас аэропорту. Архив

Евразия өнүктүрүү банкы "Манас" аэропорту жана Темир жол долбоорун карап жатат

0
(жаңыланган 13:34 04.12.2020)
Өлкөдөгү долбоорлор тууралуу ушул күндөрү Москвада өтүп жаткан Биринчи Евразия конгрессинде айтылды.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстанда "Манас" аэропорту жана Кыргыз темир жолу боюнча эки долбоор иштелип жатат. Бул туурасында Евразия өнүктүрүү банкынын төрагасынын орун басары Амангелды Исенов журналисттерге билдирди.

Ал ушул күндөрү Москвада өтүп жаткан Биринчи Евразия конгрессинин талаасында журналисттердин алдында сүйлөдү.

"Азыркы тапта Кыргызстан боюнча долбоорлордун саны мактанарлык деп айтууга болбойт. Биз "Манас" аэропортунун инфрастуруктурасы жана Кыргыз темир жолу боюнча маселени карап жатабыз. Алар биздин контрагенттер менен биргеликте иштеп чыгуу этабында турат. Азыр долбоордун документациясы аягына чыга элек болгондуктан суммасын айта албайм", — деди Исенов.

Ошондой эле ал темир жолу модернизация болорун, долбоор татаал жана капиталы чоң экенин айтты.

Мындан сырткары, энергетикалык долбоорлорду Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду тарабынан каржылоо маселеси каралышы мүмкүн экенин кошумчалады.

0
Белгилер:
Евразиялык өнүктүрүү банкы, энергетика, "Манас" эл аралык аэропорту, Кыргыз темир жолу
Тема боюнча
Саркисян: мигранттар үчүн сонун долбоор бар, бирок Кыргызстан кызыкпай жатат
ЕАЭБ жана Кытай бажы ташуулары боюнча маалымат алмашууну баштайт