Балыкчыда талаага катылган курал жана ок-дарылар табылды. Видео

Жазылуу
Курал катуу фактысы Жазык кодексинин тиешелүү беренесине ылайык, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Учурда аларды каткандардын ким экенин аныктоо иштери жүрүп жатат.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматы Балыкчы шаарынын четиндеги талаадан курал, ок-дары жана баңгизаттар сакталып турган жерди тапты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирип, окуя болгон жерде тартылган видеону өзүнүн YouTube каналына жүктөдү.

Аталган кызмат кеңири масштабдагы иш-аракеттеринин негизинде бул боюнча маалымат алган.

"Курал-жарак сакталып турат делген жерге Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматынын өкүлдөрү Балыкчы шаардык милициясынын тергөөчүлөрү менен бирге барган. Алар сумкага салынып, катылган Калашников үлгүсүндөгү курал, граната, бычак, баңгизат, спирт жана таанылбаш үчүн кийип алчу бир нече даана баш кийим табышты", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факт Жазык кодексинин 253-беренесине ("Курал, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") ылайык, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

Учурда аларды каткандардын ким экенин аныктоо иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0