ШКУ саммити: мамлекет башчылары катышкан жыйын. Видео

Жазылуу
Бүгүн, 10-ноябрда, Россиянын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин башчыларынын кеңешмеси болуп жатат.

Иш-чара видеоконференция режиминде өткөрүлмөкчү. Анда эл аралык жана аймактык маанилүү маселелер тууралуу сөз болот. 

ШКУга Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчөлүк кылат. Ал эми Афганистан, Беларусь, Иран, Монголия мамлекеттери байкоочу катары жүрүшөт. Кыргызстандын атынан президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0