COVID боюнча Бишкектеги абал. Вице-премьер Сурабалдиеванын жыйыны. Видео

275
(жаңыланган 18:34 10.11.2020)
Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаардык кызматтардын жетекчилери менен жыйын өткөрүүдө. Анда борбор калаадагы эпидемиологиялык кырдаал талкууланып жатат. Жыйындын жүрүшүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин түз эфиринен көрө аласыздар.

Ордо калаада коронавирус жуктурган учурлардын саны өсүүдө. Акыркы суткада 570 кишиден COVID-19 табылып, үч адам көз жумган.

275
Белгилер:
жыйын, коронавирус, Эльвира Сурабалдиева, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2434)
Тема боюнча
Кечээтен бери эле 570 кишиден COVID табылды
COVID-19: өлкөдө абалы оорлошкондор күн сайын көбөйүп жатат

Крымдан улам НАТО Россия армиясына тыюу салууга кыялданып келет

150
Йенс Столтенберг НАТО Россиянын кадамдарына карап, ага жооп иретинде Кара деңизге көбүрөөк күчүн жайгаштыра тургандыгын айтты. Бирок Түндүк атлантикалык альянстын башкы катчысы аскердик блоктун күчтөрү Россиянын чек арасында эмне кылып жүргөндүгүн түшүндүргөн жок.

Андан сырткары, Россия эмне үчүн өзүнүн аймагын НАТО тараптан улам арбыган коркутуп-үркүтүүлөрдөн коргобошу керек дегенге да жооп бере алган жок.

Акыркы учурда альянс тараптан Россия чек арасына жакын аймактарда көбөйүп кеткен агрессиялык аракеттер арбыгандыктан, Россия өзүнүн коопсуздугун камсыздаганга аргасыз.

150
Белгилер:
чагымчыл, чек ара, Крым, НАТО, Россия, АКШ
Тема боюнча
НАТО Кара деңизге чыгууда. Альянс Крымда Россияны кысымга алмакчыбы?
Грузиядагы "Татыктуу өнөктөш-2020" аяктады. НАТО аскерлери өлкөдө эмне кылды

Россиянын чемпионатында балбандар мушташа кетти. Видео

435
(жаңыланган 10:50 04.12.2020)
Ингуш балбаны Бабули Цолоев менен осетиялык Алан Багаев чейрек финалда кезиккен. Күрөш башталбай жатып бокска айланган.

Россиянын Смоленск шаарында эркин күрөш боюнча өткөн жаштар арасында өлкө чемпионатында Осетия менен Ингушетиянын балбандары мушташа кетти. Бул тууралуу Sputnik Осетия жазды.

Ингуш балбаны Бабули Цолоев менен осетиялык Алан Багаев чейрек финалда кезиккен. Алардын кармашы башталбай жатып бокска айланган.

Мушташкандарды машыктыруучулар, аренанын кызматкерлери жана атайын даярдыктагы милиция токтотуп калган. Спорттук эрежелерди сактабаган эки балбан тең мелдештен четтетилген.

Кийинчерээк алар элдешип, социалдык тармактарга чогуу түшкөн сүрөттөрүн чыгарышканын Р-Спорт жазды.

435
Белгилер:
мушташ, балбан, Ингушетия, Россия, эркин күрөш
Тема боюнча
Казак футболчусу Улуттар лигасында оюн талаасынын ортосунан гол киргизди. Видео
Өзбекстандагы футболдук беттеш массалык мушташ менен аяктады. Видео
COVID-19 вакцинасынын изилдөө иштери. Архивдик сүрөт

Кыргызстан ЕККУдан вакцина сатып алууга көмөктөшүүнү өтүндү

0
(жаңыланган 14:06 05.12.2020)
Вакцина баары үчүн жеткиликтүү болушу зарыл. Ошону менен бирге эле айрым мамлекеттердин да препаратты ыксыз көп сатып алуусуна жол бербөө керек.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Тышкы иштер министри ЕККУну өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө коронавируска каршы вакцина сатып алууга жардам берүүгө чакырды.

ТИМдин маалыматы боюнча, Казакбаев 3-4-декабрь күндөрү ЕККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин 27-жыйынына катышкан.

"Министр өз сөзүндө COVID-19га каршы вакцинанын жалпыга жеткиликтүү болушун камсыздоо маселеси курч экенин белгиледи. Мындан тышкары, препаратты элинин саны аз өлкөлөрдүн ыксыз көп сатып алуусуна да жол берилбеши керектигине токтолгон. Мындан улам ЕККУдан өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге вакцинаны сатып алууга жардам берүүнү өтүндү", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, ооруга каршы бир катар вакцина иштелип чыккан, анын үчөө Россияга таандык. Жакында эле РФ президенти Владимир Путин үч вакцинаны тең ЖККУ өлкөлөрүнө жеткирүү маселеси жана биргелешип өндүрүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын билдирген.

0
Белгилер:
коронавирус, Россия, ЕККУ, вакцина, Руслан Казакбаев
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2434)
Тема боюнча
Кыргызстан референдум өткөрүүгө БУУдан техникалык жардам сурады