Робот-хамелеонго "алданган" айбанаттардын видеосу

210
(жаңыланган 11:07 11.11.2020)
Авторлор 50 аниматрондук жандык-чалгынчыларды пайдаланышып, ондогон айбанаттын жашоосуна байкоо салышкан.

Spy in the Wild жапайы жаратылыш жөнүндө тартылган кезектеги эмгегинин үзүндүсүн жарыялады. Бул тууралуу "National Geographic Россия" сайты жазды.

Авторлор 50 аниматрондук жандык-чалгынчыларды пайдаланышып, ондогон айбанаттын жашоосуна байкоо салышкан.

Жасалма жаныбарлар тирүү "туугандарына" окшош гана болбостон, алардын кыймылдарын, үндөрүн жана белгилерин окшоштурушуп, өздөрүн да ошондой алып жүргөндүгү менен кызыктуу.

Бул ирет Мадагаскардагы жашоого робот-хамелеон байкоо салган.

Көзүнө видео тартуучу кичинекей камера орнотулган робот-хамелеонду "тууганы" башка типтеги хамелеон да айырмалай алган эмес. Ал тургай тебелеп өткөн. Адатта жапайы жаратылышта бул хамелеондор өз аймагын чоочундардан катуу коргошот. Ал эми кескелдирик бул ирет аниматроникалык "жакынынан" жашаган жайын кызганган эмес.

Таң калтырган сары түстүү таш бака. Индиядан тартылган видео

Дагы бир кызыктуу учур, Мадагаскардагы маймылдардын реакциясы болгон.

Аталган жаныбардын бул түрү көпчүлүк учурда дарактын башында жүргөндүктөн, кыймылдары анча тез эмес. Куйругу узун болгондуктан түз жерде баса албай, көздөгөн жерине секирип-секирип отуруп барышат. Алар эмнегедир шектенгендей жасалма хамелеонду бир аз тиктеп туруп, андан соң ары-бери секирип ойной баштаган.

Анткен менен мындай тыңчы-роботтор жаныбарлар дүйнөсүнө кызыккан кишилерге жакшы фильмдерди тартуулайт. Аларды каалаган киши интернет айдыңынан таап, көрө алат.

210
Белгилер:
Россия, National Geographic, Мадагаскар, робот, жаныбарлар
Тема боюнча
Үлпөт тоюнда ит менен бийлеген колуктунун вальсы таң калтырууда. Видео
Эки буттап тура калып. Чапчышып урушкан аюулардын видеосу

Россиянын чемпионатында балбандар мушташа кетти. Видео

95
(жаңыланган 10:50 04.12.2020)
Ингуш балбаны Бабули Цолоев менен осетиялык Алан Багаев чейрек финалда кезиккен. Күрөш башталбай жатып бокска айланган.

Россиянын Смоленск шаарында эркин күрөш боюнча өткөн жаштар арасында өлкө чемпионатында Осетия менен Ингушетиянын балбандары мушташа кетти. Бул тууралуу Sputnik Осетия жазды.

Ингуш балбаны Бабули Цолоев менен осетиялык Алан Багаев чейрек финалда кезиккен. Алардын кармашы башталбай жатып бокска айланган.

Мушташкандарды машыктыруучулар, аренанын кызматкерлери жана атайын даярдыктагы милиция токтотуп калган. Спорттук эрежелерди сактабаган эки балбан тең мелдештен четтетилген.

Кийинчерээк алар элдешип, социалдык тармактарга чогуу түшкөн сүрөттөрүн чыгарышканын Р-Спорт жазды.

95
Белгилер:
мушташ, балбан, Ингушетия, Россия, эркин күрөш
Тема боюнча
Казак футболчусу Улуттар лигасында оюн талаасынын ортосунан гол киргизди. Видео
Өзбекстандагы футболдук беттеш массалык мушташ менен аяктады. Видео

Овечкиндин "Финикске" киргизген шайбасы XXI кылымдын мыкты голу болду. Видео

68
Sportsnet басылмасы 2000-жылдан азыркыга чейин киргизилген 140 миң голдун ичинен 32 финалистти тандаса, анын мыктысын хоккей ышкыбоздору социалдык тармактардагы сурамжылоо аркылуу аныкташкан.

Улуттук хоккей лигасындагы (NHL) АКШнын "Вашингтон" командасынын чабуулчусу, россиялык хоккейчи Александр Овечкиндин "Финикс" командасынын дарбазасына киргизген шайбасы 21-кылымдын мыкты голу деп табылды. Бул тууралуу Р-Спорт маалымат булагы жазды.

Sportsnet абройлуу басылмасынын эксперттери 2000-жылдын январь айынан бери киргизилген 140 миң голдун ичинен 32 финалистти тандап алышкан. Анын мыктысын хоккей ышкыбоздору социалдык тармактардагы сурамжылоо аркылуу аныкташты.

Тандоодо россиялык спортчунун 2006-жылы киргизген голу 55,1 пайыз добуш алып жеңүүчү болгон. "Коламбус" командасынын мурдагы чабуулчусу Рик Нэштин "Койотс" командасынын дарбазасына киргизген шайбасы экинчи орунду ээледи.

68
Белгилер:
Александр Овечкин, мыкты, гол, Вашингтон, хоккей
Тема боюнча
Месси "Осасунага" киргизген голун Марадонага арнады. Видео
Роналдунун голу Чемпиондор лигасынын мыкты голу деп тандалды. Видео
Вице-премьер Равшанбек Сабиров кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы Ак-Жол – Автожол көзөмөл-өткөрмөдө

"Ак-Жол" өткөрмө бекетинин курулуш иши 68 пайызга аяктады. Сүрөттөр

0
(жаңыланган 13:14 04.12.2020)
Вице-премьер өткөрмө жайды реконструкциялоо жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Вице-премьер Равшанбек Сабиров кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак-Жол – Автожол" көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоонун жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

  • Вице-премьер Равшанбек Сабиров кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы Ак-Жол – Автожол көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоонун жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты
    Вице-премьер Равшанбек Сабиров кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак-Жол – Автожол" көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоонун жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Ак-Жол көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоо иши 68 пайызга бүткөрүлгөн
    Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоо иши 68 пайызга бүткөрүлгөн
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Вице-премьер өткөрмө жайды реконструкциялоо жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгилеген
    Вице-премьер өткөрмө жайды реконструкциялоо жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгилеген
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Ошондой эле мамлекеттин имиджи көзөмөл-өткөрмө жайларынын сырткы көрүнүшүнө көз каранды экенин айтып, модернизациялоо иштери сапаттуу жүргүзүлүүгө тийиш экенин кошумчалаган
    Ошондой эле мамлекеттин имиджи көзөмөл-өткөрмө жайларынын сырткы көрүнүшүнө көз каранды экенин айтып, модернизациялоо иштери сапаттуу жүргүзүлүүгө тийиш экенин кошумчалаган
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Вице-премьер Ак-Жол – Автожол пунктун модернизациялоо ишин белгиленген мөөнөттө аяктоо тапшырмасын берди
    Вице-премьер "Ак-Жол – Автожол" пунктун модернизациялоо ишин белгиленген мөөнөттө аяктоо тапшырмасын берди
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 5
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Вице-премьер Равшанбек Сабиров кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак-Жол – Автожол" көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоонун жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоо иши 68 пайызга бүткөрүлгөн.

Вице-премьер өткөрмө жайды реконструкциялоо жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгилеген. Ошондой эле мамлекеттин имиджи көзөмөл-өткөрмө жайларынын сырткы көрүнүшүнө көз каранды экенин айтып, модернизациялоо иштери сапаттуу жүргүзүлүүгө тийиш экенин кошумчалаган.

"Кыргызстанга келип жаткан туристтердин жана ишкерлердин биздин өлкө тууралуу таасирлери чек арадан өтүүдө калыптанат. Ошондуктан аткарылып жаткан иштер эл аралык стандарттарга жооп берип, андагы имараттар жана курулмалар заман талабына жараша жасалгаланышы шарт", — деди Сабиров.

Вице-премьер "Ак-Жол – Автожол" пунктун модернизациялоо ишин белгиленген мөөнөттө аяктоо тапшырмасын берди.

Белгилей кетчү жагдай, өткөрмө жайды реконструкциялоодо комплекстин курулушу, инфраструктурасын жакшыртуу, заманбап техника жана жабдуу менен камсыздоо каралган. Бул аракет аталган жерден жарандардын өтүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзөт. Өткөрмө жайды модернизациялоо иши республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

0
Белгилер:
Ак-Жол көзөмөл өткөрүү пункту, кыргыз-казак чек арасы, Равшанбек Сабиров
Тема боюнча
Өзбекстан эреже бузган жок! Өкмөт Дейрес айылына жакын жердеги кырдаал тууралуу