Карабах келишими: Азербайжан, Армения жана Россия лидерлери кандай чечимге келди

Жазылуу
Армения, Азербайжан жана Россиянын лидерлери Тоолуу Карабахтагы куралдуу тирешти токтотуу боюнча келишимге кол коюп, ал 10-ноябрда күчүнө кирди.

Келишимге ылайык, Тоолуу Карабахка россиялык тынчтык орнотуучулар барат. Ал эми Армения менен Азербайжандын куралдуу күчтөрү мурда ээлеп турган позициясында калышат.

Агдам району менен Газах районундагы аймак 2020-жылдын 20-ноябрына чейин Азербайжанга кайтарылат. Ошондой эле Армения 15-ноябрга чейин Азербайжанга Кельбаджар районун, 1-декабрга чейин Лачин районун өткөрүп берет. Бирок туурасы 5 чакырым болгон Лачин коридорун өзүнө калтырат.

Путин: Тоолуу Карабахтагы окуя чоң трагедия

Тоолуу Карабахтын жана Лачин коридорунун чет жакаларында 90 сооттолгон транспортер, 380 атайын техника менен Россиянын эки миңге чукул тынчтык орнотуучулары жайгашат. Алар ал жакта беш жыл бою кызмат өтөп, зарыл болгон учурда бул мөөнөт узартылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0