Гиннеске камынып. Дөөлөт Сыдыковдун "Ала-Тоо" аянтында манас айткан видеосу

578
(жаңыланган 11:00 12.11.2020)
Манасчы Дөөлөт Сыдыков "Ала-Тоо" аянтында манас айтып баштады.

Ал эпосту тынбай, узак убакытка чейин айтып Гиннестин рекорддор китебине кирүүнү көздөп жатат. Иш-чаранын дагы бир максаты — элди ынтымакка, биримдикке чакыруу.

578
Белгилер:
видео, түз эфир, Манас айтуу, Дөөлөт Сыдыков
Тема боюнча
Бишкектеги Tengri Music фестивалы. Видео

Токтоо тартып, окуяга сүңгүп кирип... Үмөттүн манас айткан видеосу

41
(жаңыланган 19:24 05.12.2020)
Жумурай журтка таанымал жаш манасчы Үмөт Дөөлөтов Sputnik агенттигине Семетейдин Таласка келип Бакайга жолуккан жеринен үзүндү айтып берди.

Үмөт бул өнөр менен эл алдына 3,5 жашында чыгып, Кыргызстандагы эң кенже манасчы атка конгон. Айрым илимпоздор аны 7 жашында кичинекей гений деп аташкан. Ал эми 9 жашында "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылган.

Ал редакцияга берген маегинде акыркы кезде эмне менен алектенип жүргөнүн, жаштардай интернетке көп кирбей турганын, режиссёр болсо Саякбай манасчы тууралуу тасма тартарын айтып, кичирээк чакта эсте калган учурлары жөнүндө кеп кылды. Кененирээк Sputnik даярдаган интервьюдан окуй аласыз

41
Белгилер:
Талас, Семетей, өнөр, манасчы, Манас, Үмөт Болот уулу
Тема боюнча
Саякбай манасчы жандай көргөн "Карачологу" менен. Таберик сүрөт
Табият кырсыгынан тарта манасчы Дөөлөт жана дрондор шоусуна чейин. Апта ирмеми

Дарыгер геморройду дарылоо жолун жана операциянын баасын айтып берди. Видео

183
(жаңыланган 15:34 05.12.2020)
Саламаттык сактоо министрлиги геморройду дарылоо ыкмалары жана статистикалык маалыматтар менен бөлүштү. Оору тууралуу Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүнүн башкы дарыгери Ысакжан Бектенов айтып берген.

Медиктин айтымында, өлкөдө геморрою бар адамдардын так санын билүү кыйын. Себеби менталитетке байланыштуу айтуудан тартынып, баары эле проктологдорго кайрыла бербейт.

"Мисалы, 10 адамдын беш-алтоосунда көтөн чукук ооруларынын кайсы бир түрү бар. Ал эми көтөн чучук ооруларын 40 пайызын геморрой түзөт. Бир жылда кеңеш алуу үчүн өлкө боюнча 5000дей адам кайрылат. Анын ичинен 1800-1900 бейтапка операция жасалат. Операциялык эмес ыкма менен дарыланып жаткандардын саны өлкөдө 3000 кишиге жетет", — деди Бектенов.

Проктолог геморройду биринчи, экинчи стадиясында операциясыз эле үч ыкма менен айыктырса болорун айтты. Ал эми үчүнчү-төртүнчү стадиясына өтүп кетсе операция талап кылынат. Бул учурда медициналык камсыздандыруусу бар жарандар 1160 сом төлөп, бардык кызматтарды, дары-дармеги менен кошо алат. Эгер камсыздандыруусу жок болсо 2980 сом төлөйт.

Башкы дарыгер айыктыруучу ыкмаларды өз алдынча колдонбоого чакырды. Ал ар кимдин оорусу ар кандай стадияда болорун эскертет.

183
Белгилер:
оору, дарыгер
Тема боюнча
Ноутбук менен жатып алып иштөө зыян. Дарыгердин түшүндүрмөсү
Балага телефон берип горшокко отургузуп койсо, геморрой болот да! Проктологдун маеги
Бишкектин Арча-Бешик конушуна көрүнүш. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

0
6-декабрга караган түнү республиканын тоолуу аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. 6-декабрь күндүз өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 0…-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -1…+4, Ысык-Көл өрөөнүндө -2…+3, Нарында -1…-6 градусту көрсөтөт.

Ош жана Бишкек шаарларында кар жаабайт. Күндүн табы борбордо -1…-3, Ош шаарында +1…+3 градус жылыйт.

0
Белгилер:
Кыргызстан, декабрь, аба ырайы
Тема боюнча
Жыл аяктаарда ызгаар суук болобу? Декабрга карата аба ырайы