Спецназ жабыла кирип басып калды. Сүйүн Өмүрзаковдун инисин кармаган видео

20433
Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун прокурор болуп иштеген бир тууган иниси Улукбек Өмүрзаков көмүр кенин басып алууга шектелип кармалды. УКМК аны жана жанындагы кылмышка тиешеси бар адамдарды кармоо учурунда тартылган видеону жарыялады.

Кадрдан атайын даярдыктагы аскерлер Өмүрзаковдун кабинетине жабыла кирип, колуна кишен салып алып чыкканын көрүүгө болот. Анын жанындагыларды кошуп кармап, бирөөсүн көчөдөн колго түшүргөн.

Атайын кызматтын билдиришинче, быйыл январь айында "Мухамед Умар" (Өмүрзаковдорго таандык) спорт клубунун балдары коштогон топ "Жолчырак" көмүр кенин басып кирип, жумушчуларды карьердин сыртына чыгарып салган. Атайын техникаларды мыйзамсыз түрдө тартып алып 82 миллион сомдук көмүр казып ташып кеткен. Ал үчүн салыктык жана социалдык төлөмдөрдү төккөн эмес. Алар жергиликтүү бийликтин кен казууну токтотуу боюнча бир нече талаптарын, эскертүүлөрүн четке каккан.

Аталган факты боюнча УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын кызматкерлеринен турган ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, текшерүү иштерин улантууда.

Эс алуу бөлмөсүндө акча санап отурган. Аламүдүндүн прокурорун кармаган видео

Белгилей кетсек, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Ошко барып эл менен кезиккенде Канназар Ыдырысов аттуу 51 жаштагы тургун ИИМ жетекчисинин орун басарынын бир тууганы кысымга алганы тууралуу айткан. Ошол эле күнү маселенин чоо-жайын аныктоо үчүн ал УКМКнын башкы башкармалыгына чакыртылган. Эртеси Ыдырысов УКМКга арыз жазып, бир жыл мурдараак өзү негиздөөчүлөрдүн бири болгон "Жолчырак" ЖЧК көмүр кенин Улукбек Өмүрзаков басып алганын билдирген. Ошондой эле "үлүш" катары андан акча талап кылганына арызданган.

20433
Белгилер:
басып алуу, кен, кармоо, прокурор, Улукбек Өмүрзаков
Тема боюнча
Бакиевдин жакындарына жардам берген. Бишкекте мурдагы судья кармалды
82 млн. сомдук көмүр... Ошто Сүйүн Өмүрзаковдун прокурор иниси кармалды. Сүрөт
УКМК: радиожыштык чыры боюнча өкмөттүн аппаратынын мурдагы жетекчиси кармалды

Россияга рахмат: Тоолуу Карабахта мектеп, ооруканалар ачыла баштады

63
Степанакертте мектептер ачылып, андан сырткары, жергиликтүү төрөт үйү ишин баштады. Согуштан кийин ал жерде биринчи ымыркай жарыкка келди.

Тоолуу Карабахта тынч жашоо кадимкисиндей уланууда. Эл өз үйлөрүнө кайтып келип, дүкөндөр иштеп, коомдук транспорт каттап, жашоочулар коопсуздугу үчүн коркпой көчөгө сейилдеп чыга баштады.

Эл жашаган башка жерлерде да инфратүзүмдү калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Мунун баары россиялык тынчтык орнотуучулардын эмгеги. Алар жергиликтүү элдин жай жашоосуна кайтып келиши үчүн аракет кылышууда.

63
Белгилер:
оорукана, мектеп, тынчтык орнотуучу, тынчтык, Тоолуу Карабах, Россия
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Тынчтыкка карай... Россия Тоолуу Карабахка кандай жардам берип жатат
Карабахтагы сириялык туркомандар: согушууга барышканбы же жайгашуугабы?
Кадам сайын жарылбасын! Карабахтагы миналарды зыянсыздандыруу аракеттери

Жол тазалоочу техника жетпейт. Бишкек Ош трассасынын кышка даярдыгы текшерилди

85
(жаңыланган 11:59 02.12.2020)
Комиссия "Сосновка" постунан "Арал" постуна чейинки ашууларды тейлеген мамлекеттик кызматтардын кышка даярдыгын карап чыккан.

Бишкек — Ош жолунун кышка даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, өзгөчө кырдаалдар министринин тапшырмасы менен атайын комиссия түзүлгөн. Алар Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунан Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постуна чейинки ашууларды тейлеген мамлекеттик кызматтардын кышка даярдыгын карап чыгышкан.

"Текшерүүнүн негизинде бир топ көйгөйлүү маселелер бар экени аныкталган. Алсак, жол тазалоочу, кум чачуучу атайын техника жетишсиз болуп, жолго кум кол менен чачылып жаткан. Айрым жүк ташуучу унаалар кышка даярдыгы жок ашууларда калып калган. Комиссия тамак-аш берилүүчү жана жылына турган пунктулардын да даярдыгын көргөн. Жыйынтыгында "Арал" постундагы жылынуучу пункт кышка толук даяр эместиги аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ айдоочуларга кайрылып, алыс жолго, тоолуу аймактарга чыгарда аба ырайына көңүл бурууну суранды. Ошондой эле зарылчылык жок болсо, шашылыш билдирүү берилгенде жолго чыкпай турууну сунуштаган.

85
Белгилер:
Бишкек – Ош жолу, комиссия, текшерүү, ашуу, жол, унаа, Бишкек, ӨКМ
Тема боюнча
Кыргызстандагы бардык жолчуларга күнү-түнү иштөө милдети жүктөлдү
Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева. Архивдик сүрөт

Сурабалдиева министрликтин гумжардам боюнча отчету чийки экенин айтты

0
(жаңыланган 17:45 02.12.2020)
Эльвира Сурабалдиева Кыргызстанга кирген гумжардамдар кайда жумшалганы боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин отчету чийки экенин айтып, иликтөө жүргүзүлөрүн белгиледи.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева гуманитардык жардам тууралуу отчет берүү маселеси боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин дарегине катуу сын айтты.

Чиновник бүгүн Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.

"Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына алган гуманитардык жардамдар боюнча толук отчет берүү тапшырмасы берилген. Муну жарандар, Жогорку Кеңештин депутаттары, жардам берген эл аралык уюмдар жана донорлор күтүүдө. Бирок берилген отчёт толук эмес жана айрым пунктулар түшүнүксүз. Мисалы, Талас жана Чүй облустарындагы аймактык медициналык мекемелерге кандай конкреттүү медициналык буюмдар жеткирилген? Ош облусу боюнча кандай чыгымдалуучу материалдар, канча тест-система алынды? Жер-жерлерге өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттын, концентраторлордун, рентген-аппараттардын канчасы жеткирилди? Отчетто 325 рециркулятор алынганы белгиленген, бирок алар кайда экени көрсөтүлгөн эмес. Эмне үчүн медициналык жабдуулар баланска алынып, тиешелүү тартипте белгиленген эмес? Жарандардан, донорлордон жана ыктыярчылардан алынган бардык жардамдар кылдаттык менен изилденет", — деди ал.

Сурабалдиева отчеттордо канча дары-дармек каражаты алынгандыгы жана алардын аталышы көрсөтүлбөгөнүн кошумчалады.

0
Белгилер:
отчет, донор, коронавирус, штаб
Тема боюнча
Сурабалдиева Тез жардам станциясынын жабдылбай калышын кызматтагы жубайлардан көрүүдө
Сурабалдиева: бейтаптарга жайында курамы текшерилбеген кытай дарылары берилген