Кооптонгон элчи, бийликтин кадамдары. Жапаровдун дипломаттарга жолуккан видеосу

Жазылуу
Бүгүн президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кыргызстандагы дипломаттар менен жолугуп, өлкөдөгү абал жана жаңы бийликтин кадамдары тууралуу маалымат берди.

Жолугушууга Кыргызстанда иш алып барган чет өлкөлөрдүн элчилери, ардактуу консулдар, эл аралык уюмдардын жана Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү келди.

Жапаров сөзүнүн башында эле өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал турукташып, бийлик 2005-жылдагы жана  2010-жылдагы окуялардан сабак алдык деген пикирин билдирди. Мындан улам өлкөдөгү кырдаал тууралуу ар кандай бүдөмүк ойлордун бардыгын алып салуу үчүн ушундай форматта жолугушууну эп көргөнүн айтты.

"Октябрь айындагы окуялар адилетсиз өткөн шайлоонун натыйжасынан улам болду. Кыргызстандын эли коррупциядан, укуктун жоктугунан жана топтолгон экономикалык көйгөйлөрдөн тажады. Эл эскиче жашагысы келбей, бийликти кетирүү талабы менен аянтка чыгышты. Кыргыз эли чынчыл жана адилеттүү жашоого болгон укугун коргой алды", — деди Жапаров.

Муунта берет... Садыр Жапаров эмнеге галстук тагынбай жүргөнүн айтты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Муунта берет... Садыр Жапаров эмнеге галстук тагынбай жүргөнүн айтты. Видео
Ошону менен бирге ал буга чейин Кыргызстанда болгон эки жолку революцияда мамлекет бир топ убакытка чейин укуктук талаага кире албай калгандыгын айтты. Бул жолу саясий процесстер конституциялык талаага тезинен кайтып келгенин белгиледи.

Мындан сырткары, Жапаров чет өлкөлүк инвесторлор үчүн эшиги ар дайым ачык экенин айтып, бир долбоорду баштаарда үлүш сурагандар мындан ары катуу жазаланарын билдирди.

Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджиев өлкөдөгү өткөөл мезгилди экстремисттик күчтөр пайдаланып кетүүгө аракет кылышы мүмкүндүгүн айтты. Мындан улам президенттин милдетин аткаруучудан элчиликтер жайгашкан имараттарга көзөмөлдү күчөтүүнү суранды.

Жаңылыктар түрмөгү
0