Ай-буйга келтирбей, үч секундада жыга чапты. АКШдагы беттештин видеосу

860
(жаңыланган 16:14 15.11.2020)
Мелдештин кезектеги беттешинде мушкер Диас оң колдоп узаткан кубаттуу соккусу менен атаандашы Бенедеттону бүк түшүргөн.

Мээлейсиз, муштум менен урушкан таймаштарды уюштуруучу Bare Knuckle уюмунда өткөн беттеш үч секундада жыйынтыкталды. Уюмдун тарыхындагы эң тез нокаут тууралуу маалыматты РИА Новости жазды.

АКШнын Майами шаарында өткөн BKFC 14 мелдешинде пуэрторикалык Улиссес Диас менен америкалык Донели Бенедеттонун кармашы өзгөчө кызык тартуулады. Беттеш башталбай жатып үч секундада аяктаган. Мушкер Диас алаксытуучу АКШлык атаандашынын ээк тушуна таамай муштап, нокаутка түшүргөн.

Калыс үч соккудан соң беттешти токтотууга аргасыз болгон.

860
Белгилер:
мушташ, нокаут
Тема боюнча
Боксчу Гассиев оор салмактагы дебютунда атаандашын бүк түшүрдү. Видео

Эстеп көрөлү. Макгрегор менен Порьенин алгачкы беттешинин видеосу жарыяланды

134
(жаңыланган 17:45 27.11.2020)
UFC уюмунун экс-чемпиону Конор Макгрегор менен америкалык Дастин Порьенин алгачкы беттешинин видеосу жарыяланды. Ал ирмемдерди уюмдун Facebook баракчасынан көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, ирландиялык мушкер америкалык спортчу менен 2014-жылы беттешип, биринчи эле раундда техникалык нокаут менен утуп алган.

Дастин Порье менен Конор Макгрегордун кайрадан октагонго чыгары күтүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча, реванш Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында кийинки жылдын 23-январында болот.

Эки мушкер тең буга чейин россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедов менен беттешип, жеңилүү ызасын тарткан.

134
Белгилер:
мушкер, видео, беттешүү, Конор Макгрегор, Дастин Порье
Тема боюнча
Эже-сиңди Шевченколордун энеси дүйнө чемпиону болду. Видео
Ар бир булчуңдун кыймылы көрүнүп... Шевченко катышкан турнирден өзгөчө видео
Хабиб Нурмагомедов Жастин Гэтжини утуп алды. Видео
Болгарский вратарь Лудогорец Разград Пламен Илиев пропускает мяч в свои ворота после дальнего удара английского полузащитника «Тоттенхэм Хотспур Гарри Винкса (не видно) во время футбольного матча группы J первого раунда Лиги Европы между Тоттенхэм и Лудогорец в Тоттенхэме. Стадион Хотспур в Лондоне, 26 ноября 2020 года

Тоттенхэм футболчусунун талаа ортосунан киргизген таң калычтуу голу. Видео

163
(жаңыланган 17:17 27.11.2020)
Топ дарбазанын так үстүңкү бурчунан кирип, ага голкипер Пламен Ивановдун колу жетпей калган.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Англиянын "Тоттенхэм" клубунун футболчусу Гарри Уинкс УЕФАнын Европа лигасы мелдешинде 50 метрдей аралыктан тээп гол киргизди. Бул тууралуу УЕФА уюму расмий сайтына жазып, голдун видеосун жарыялады. 

​Англиялык команда өз үйүндө болгариялык "Лудогорец" менен тайпалык этапта кез келген. Беттештин 63-мүнөтүндө Уинкс голкипердин дарбазадан алыстап кеткенин байкап калып, оюн талаасынын ортосунан, 49 метр аралыктан, топту көкөлөтө тээп гол киргизди. Топ дарбазанын так үстүңкү бурчунан кирип, ага дарбазачы Пламен Ивановдун колу жетпей калган.

​Башкы машыктыруучусу Моуриньонун шакирттери беттеште 4:0 эсебинде утуп, мелдештин плей-офф баскычына жолдомо алышты.

163
Белгилер:
гол, футбол
Тема боюнча
"Чаян сокку". Румыниялык футболчунун кооз голунун видеосу
Казак футболчусу Улуттар лигасында оюн талаасынын ортосунан гол киргизди. Видео
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев. Архив

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары алтын аткезчилиги боюнча суракка чакырылды

0
(жаңыланган 23:02 27.11.2020)
Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев УКМКга алтын аткезчилиги боюнча тергөө амалдарына катышуу үчүн чакырылды. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, иштин чоо-жайы тууралуу тергөө амалдарынан кийин айтылат.

Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

Учурда ал президенттикке талапкерлердин бири Абдил Сегизбаевдин штабын координациялап жатат.

0
Белгилер:
аткезчилик, алтын, Дүйшөнбек Чоткараев, УКМК
Тема боюнча
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага түштү
УКМК башчысы Матраимовдун өкүл баласын кабыл алды. Видео