Аюуларды коркутат дешти. Үрөйдү учурган роботтордун видеосу

Жазылуу
Акыркы беш жыл ичинде Япониянын батыш жана түштүк тарабында жапайы аюулар адамдарга көбүрөөк кол сала баштады.

Быйыл эле 10 ирет ошондой окуя болуп, сегизинде ажалсыз кишилер аман калса, эки адам жырткычтардын курмандыгы болду. Бул туурасында The Guardian жазды.

Мындай көйгөйдөн арылуу үчүн өкмөт чукул кырдаал кеңешмесинде аюуларды коркута турган роботторду колдонуу чечимин кабыл алган.

Робот-хамелеонго алданган айбанаттардын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Робот-хамелеонго "алданган" айбанаттардын видеосу
Үрөйдү учурган роботтун төрт буту бар, көздөрү күйүп, азууларын шакылдатып турат. Кыймылдаган караанды байкаганда робот-жырткыч башын ары-бери булгалап, абалап үргөн сымал ажылдаган үн чыгарат. Мындай сөлөкөттү көрүп жана уккан жан-жаныбар эрксизден жалт карап, артын көздөй качары турган иш.

Бул "табылгаларды" чыгарган өндүрүштүк компания 2018-жылдан тарта 70 мокочо-роботту саткан.

Жергиликтүү активисттер роботторду өз учурунда коюп калганга жетишкенин айтып беришкен. Себеби ноябрдын аягында аюулар чээнге кирер алдында тамак-аш издегендиктен эки жакка көп чыга башташат да, кишиге кол салуудан кайра тартпайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0