Үмүтүн үзбөгөн "Хатико". Маркум ээсин 11 жылдан бери күткөн иттин видеосу

Жазылуу
Россиянын аймагында Тобольск — Туртас трассасынын аймагында Мишка аттуу ит жашайт. Аны ары-бери өткөндөр көрө берип таанып бүтүшкөн.

Аңыз болуп айтылган ит тууралуу РИА Новости видео даярдаган.

Жергиликтүү тургун Ризван Кагермановдун айтымында, иттин кожоюнун кайсы бир аткаминердин кортежиндеги автоунаа сүзүп кеткен. Ал кезде Мишка бир жашта эле.

"11 жыл мурда жөө кишилер өтчү чийинден иттин ээсин менин көзүмчө кара түстүү Mercedes-Benz сүзүп кетти. Кожоюн Мишка экөө өтүп бара жаткан. Күчүк жолдон чыга качканга үлгүрдү, ал эми киши... жетишпей калды... Ошондон бери жолдон кетпей ээсин күткөнү күткөн", — деп айтып берди Кагерманов.

Мишканы башка адамдар бир нече ирет багып алганга аракеттенишкени менен ит аларга көнбөй, тамак да ичпей, каңшылап, жай албай койгондуктан коё бергенге аргасыз болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0