Эки аттап барып тамактан алды. Арстан гиенага кол салган учурдун видеосу

307
Жаратылыш паркындагы арстан адатынча ашыкпай аңдып туруп алыстап бараткан гиенаны кууп жетип, туристтердин көз алдында басып жыгылган.

Окуянын кайда болгондугун Daily Mail басылмасы жазды.

Кадрларды Марк аттуу гид Түштүк Африка жана Ботсванада жайгашкан Кгалагади улуттук паркынан тартып алган.

Арстандын жөн жерден бугуп калбагандыгын байкаган туристтер да демин ичтерине алып токтоп калган.

Көп өтпөй жырткычтын анча алыс эмес жерде күрөң гиенаны көздөп турганы анык болгон.

Коркунучту сезген берки жаныбар алгач баса албай калып, бир нече ирмемдерден кийин качып жөнөгөн. Арттан келе жаткан куугунчудан корккон гиена каңшылап жибергендигин угууга болот.

Эки аттап жетип барган арстан олжосун тырпырата басып жыгылып, жаны чыккыча тамактап, бир нече мүнөт кыймылдатпай тиштеп турган. Ал арада жанында жүргөн башка жырткычтар келип, денеси муздай элек курмандыкка кол салууга даяр туруп калганын байкоого болот.

Гид Марк видеону былтыр күзүндө тартып, эми гана интернетке койгондугун айткан.

307
Белгилер:
өлүм, олжо, гигиена, арстан, Түштүк Африка Республикасы
Тема боюнча
Арстан ургаачысын ыза кылган гиеналарды талаалата кубалаган видео
АКШда арстан жүргөн жерге кирип кеткен кызды полиция издеп жатат. Видео

Майк Тайсон менен Рой Жонстун көз караштар таймашынын видеосу

264
(жаңыланган 14:39 28.11.2020)
Беттеш сегиз раундга, анын бир бөлүгү эки мүнөткө ылайыкташкан. Мушкерлер шлем кийишпейт, 12 унций салмактагы машыгууда кийилүүчү мээлей менен беттешет.

Кесипкөй бокстун дөө-шаалары Майк Тайсон менен Рой Жонс кенжеси беттеш алдында таразага түшүп, көз караштар таймашын өткөрдү. Тайсон атаандашынан 5 килограммга оор болгонун Р-Спорт маалымат булагы жазып чыкты.

Беттеш 28-ноябрда АКШнын Калифорния шаарында өтөт. Жума күнү өткөн таразага түшүү аземинде америкалык Майк Тайсон 220,4 фунт (99,97 килограмм), ал эми анын атаандашы Россиянын жарандыгын алган Рой Жонстун салмагы 210 фунт (95,25 килограмм) чыккан.

Кайрымдуулук беттеш буга чейин 12-сентябрда Калифорнияда болору айтылып, Тайсондун командасынын спорттук иш-чарадан түшүүчү кирешени арттыруу максатында айткан өтүнүчү менен уюштуруучулар аны кийинкиге жылдырышкан.

Беттеш сегиз раундга ылайыкташкан. Ар бир бөлүк эки мүнөткө белгиленген. Алар шлем кийишпейт, 12 унций салмактагы машыгууда кийилүүчү мээлей менен беттешет.

Таймаштагы эсепти Дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) өкүлдөрү жүргүзөт. ЖМКларда айтылган маалыматтарга ылайык, бул беттештен Майк Тайсон 10 миллион доллар гонорар алат, ал эми кенже Рой Жонс үч миллион доллардын тегерегинде пайда табат.

Sputnik Кыргызстан ата мекендик көрүнүктүү бокс чеберлери, машыктыруучулардын бул беттешке болгон болжолдорун билип көргөн.

264
Белгилер:
беттешүү, бокс, Рой Жонс, Майк Тайсон
Тема боюнча
Тайсон Жонсту тез утпаса иш чатак болот. КР боксчуларынын беттешке божомолу

Кыргыз сотунун тарыхы. Үч мүнөткө сыйган архивдик видео

54
(жаңыланган 10:59 28.11.2020)
Кыргыз сотуна быйыл 96 жыл толду. Бул орган 1924-жылдын 30-ноябрында өз ишмердүүлүгүн расмий түрдө баштаган. Бул күнгө карата Жогорку сот архивдик материалдарды камтыган видеоролик даярдап чыгарды.

Андагы маалыматка ылайык, 1924-жылы кыргыз элинин Кара-Кыргыз автоном облусу негизделип, алгачкы облустук уюм-мекемелер, анын ичинде облустук сот да түзүлө баштаган.

Ошол учурда кыргыз сотунун эң биринчи төрагасы болуп Лев Авербург дайындалган. Облустук соттун курамына пленум, президиум жана кылмыш, жарандык, тартип иштерин кароочу коллегиялар кирген.

Кыргыз АССРинин кайра түзүлгөн Башкы сотунун төрагалыгына Иманбек Текеев шайланган.

1930-жылдын сентябрында Кыргызстандын аймагы 24 административдик районго бөлүнгөн. Ушуга байланыштуу республикада 24 райондук сот жана Фрунзе шаарында элдик соттун 2 участкасы уюштурулган.

Тилекке каршы, адилет сот ишинин эң эле чынчыл жана өз ишин так аткарган кызматкерлери репрессиянын курмандыгына айланганы айтылат.

Репрессияга кабылгандардын катарында өлкөнүн жогорку сот органына түрдүү мезгилдерде жетекчилик кылган төмөнкү адамдар болгон:

  • Лев Авербург (1924-1925);
  • Иманбек Текеев (1927);
  • Курманалы Кулумбаев (1927-1928);
  • Иманалы Айдарбеков (1928-1929);
  • Ян Цимдин (1929-1931);
  • Фахритдинов (1932);
  • Абдыкадыр Абдраимов (1931);
  • Коенбай Орозбакиев (1932);
  • Санжар Сегизбаев (1937);
  • Садвакас Дүйшөналиев (1938-1940).

1960-жылы өлкөнүн сот түзүлүшү жөнүндөгү мыйзам кабыл алынып, кыргыз сотунун кесиптик ишмердигинин негизги принциптери тастыкталган.

Ал эми Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин сот өндүрүшүндө, сот түзүлүшүндө процесстик жана материалдык мыйзам жаатында орчундуу өзгөрүүлөр болгон.

Азыркы тапта Жогорку сотту 2018-жылдан бери Гүлбара Калиева жетектеп келет.

54
Белгилер:
Кыргызстан, репрессия, архив, тарых, сот
Тема боюнча
Кыргызстан сотторунун Батыштыкынан артыкчылыгын Калиева айтып берди
Төкмө акын, кытайлык кыргыз Акмат Султан

Эл өлкө эмес өз камын ойлойт экен. Кытайлык кыргыз акын Акмат Султандын маеги

0
Кыргыз эли эзелтеден сөз багып, сөзгө терең маани берүү менен ааламдын көркүн көз, адамдын көркүн сөз ачарын айтышкан. Манасчылык менен төкмөлүк өнөрдү баалап, кастарлап келишкен эмеспи.

Бул саам Sputnik Кыргызстан агенттиги төкмө акындардын кийинки муунунун катарын толуктаган төкмө акын Акмат Султан менен маек даярдаган. Акмат Султан боюндагы улуу өнөрдүн арты менен Кыргызстанга келген кытайлык кыргыз.

— Учурда эмне менен алексиз?

— Быйыл Улуттук консерваториянын "Элдик ыр" бөлүмүн аяктадым. Ушул жылдын апрелинде устатым Элмирбек Иманалиев күтүүсүз бул дүйнө менен кош айтышып, шакирттери эмне кыларыбызды билбей, баарыбыз дендароо болуп эле жүрүп калдык. Эми гана өзүбүзгө келип, баш көтөрүп, эки жакка абай салып, ишке киришип турган чагыбыз. Азыр "Айтыш" фондуна күндө барып өзүбүзчө билим алып, өзүбүздү маштап жатабыз. "Төкмө келсе төр бошот" теледолбоорун да баштадык.

Акын-импровизатор, этнический кыргыз из Китая Акмат Султан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Султан: Кытайдан келип, анан ушундай залкарды алты жыл ээрчип, тарбиясын алдым

— Элмирбек Иманалиев каза болгондон кийин кайрадан аталган долбоорду жанданткан турбайсыздарбы?

— Ооба, ушуну менен "Төкмө келсе төр бошот" долбоорун эки жолу тарттык. Мындан ары да жолго таштабайбыз. Мунун түбөлүгү түз болушу керек деп ойлойм. Анткени ал элди агартууга багытталып, акты ак, караны кара деп көрсөтүүгө максат койгон. Акындык өнөр да дайыма ушул жагынан актуалдуу жана түбөлүктүү болуп келген. Ошол себептен улантышыбыз зарыл. Бизден кийинки муун да алып кетет. Бул жолкусунда төкмө акын Асылбек Маратов берүүнүн башында турду.

— Кыргыз эли чоң жоготууга учурап, улуу таланттан да айрылып калды. Элмирбек Иманалиевдин орду сиздер үчүн да башкача эле. Эми ал кишинин ордуна акындардын башын кошуучу, бүт дитин шакирттерине арначу устат чыгар бекен?

— Тилекке каршы, азыр андай адам жок го. Ал кишинин ордун эч ким баса албайт. Кыргызда "жүз жылда бир келчү" жана "миң жылда бир келчү" деген жакшы сөз бар. Таланттуу адамдар көп, бирок ошол талантын улуттук максатта, мамлекеттик кызыкчылыкка пайдалангандар аз. Устатымдын артыкчылыгы ушунда. Көбүбүз өнөрдү кыргызга эмес, турмушка кызмат кылдырып бара жатабыз. Элмирбек Иманалиев улуттук наркты, каада-салтты коргоп, аны жаңыча заманга айкалыштырып кетти. Кырк жыл өмүр сүрсө дагы кырк миң жылда эскирбеген эмгегин элине мурастады деп айтар элем. Бул киши карааны алыстаган сайын, калдайып кайра сага жакындаган адам экен да. Ушундай улуу залкар өттү. "Айтыш" коомдук фондунда мен келгенден бери бир тыйын айлык албай иштеди. Кичинекей доскасына ким эртең менен саат жетиге келсе фамилиясын каттап, аларга 100 сомдон берип турчу. Себеби таңдын убактысы түштөн кийинки эки саатка барабар болуп, ишке талпынып турган сергек кезибиз болот экен. Элмирбек Иманалиевди алмазга салыштырам. Алмазды канча кайраган сайын улам миң кырданып жаркырайт. Устатым да ошондой болчу. Кайсы ишке, кайсы өнөргө баш салбасын, ошол өнөрдүн эң тазасын, эң эскирбегенин, жаркыраган берметтерин таап чыкчу. Жакында эле поэзия жыйнагы менен "Ак таңдагы ак бата" деген эки китеби жарык көрдү. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында бир күндө миң китеп сатылып кеткен учур болбоптур. Эми экинчи басылышында эки миң китеп чыгып, ал дагы жетпей калчудай болуп турат.

© Фото / Жанылай Кекеева
Султан: Элмирбек Иманалиев улуттук наркты, каада-салтты коргоп, аны жаңыча заманга айкалыштырып кетти

— Устатыңыздан эмнени алып калдыңыз?

— Мен деги эле бактылуу адаммын. Тээ Кытайдан келип, анан ушундай залкарды алты жыл ээрчип, тарбиясын алдым. Ал киши бизди өнөргө эле эмес, адам болууга жана турмушка тарбиялады. "Бир буюм сатып алсаң, түйшүгүн кошо сатып аласың" деген бир сөзү бар болчу. Мисалга "бир кийим сатып алсаң деле, аны каякка кийип барам деп ойлоносуң. Ошентип көр дүйнөгө алаксып отуруп биз койгон максатыбыздан тайып кетишибиз мүмкүн да. Бул киши ушуну айткысы келиптир. Убактылуу дүйнө менен күрөшүп отуруп, жан дүйнөбүз караңгы бойдон калып жатат. Бактыбызды чет элдин буюмдарынан издеп калдык. Устатым бакыт — өмүрдү жаркырата жашоо деп айтчу. Агай "билгендерге бул дүйнө — күндөн-күнгө үйрөнүү, билбегенге бул дүйнө — көрдөн-көргө сүйрөлүү" деп жакшы ырдаган.

"Жүз жыл деген убакыт — 36 миң күн гана,
Жүз жаштын татып тамагын жүгүрүп жүрөт ким кана?
Кыргызга кызмат кыла алсак,
Ошо кылымдык жашоо бир гана", — деп устатымды туурап мен дагы ырдап калам. Өлөөрүңдө адам артын бир кылчайып карайт да. Ошондо өмүрүн көр дүйнө менен жүрүп эле өткөрсө же анын айынан бирөөлөрдүн көңүлүн оорутуп алганы гана көрүнсө — бул азаптуу сезим болушу керек. Биз акын болгондон кийин колунда бар адамдардын үйүндө ырдап калабыз. Башында кыргызстандыктардын көбү ушундай жакшы турушат турбайбы деп ойлочумун. Бир жолу агайым мага "сен колунда барлар менен көп жандашып баратасың, Кыргызстанда сага акыркы тамагын берип туруп, узатып кала берчү да үй-бүлөлөр бар", — деп айткан эле.

Акын-импровизатор, этнический кыргыз из Китая Акмат Султан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Султан: 2014-жылы Кытайдан келгенде 24 жашта болчумун. Кыргызстан деген эркин, БУУга катталган мамлекет болгону мени эле эмес, чет өлкөдө жашаган кыргыздардын баарын сүйүндүрөт

— Кыргызстанга жаңы келгенде сизге жакканы же көзүңүзгө жат көрүнгөнү эмне болду?

— 2014-жылы Кытайдан келгенде 24 жашта болчумун. Кыргызстан деген эркин, БУУга катталган мамлекет болгону мени эле эмес, чет өлкөдө жашаган кыргыздардын баарын сүйүндүрөт. Мекендин тоолорун, жаратылышын көрүп чоң аталарымды көргөндөй, алар менен учурашкандай кубанып толкундангам.

Жаңы келгенде жумушту тез-тезден бүтүрүп, бат эле өнүгүп кетчүдөй болуп калдастап шашып жүрчүмүн. Бара-бара мен да жай темпке түшө баштадым. Жатаканада жашап калып, жаштардын убакытты туура пайдаланбаганын, маанисиз эле иштер менен алектенип жүрө берерин байкадым. Анан эң күйдүргөнү — уйкучу экенбиз. Бул абдан коркунучтуу. Мурда ашып кетсе сегизге чейин уктачумун. Эми тогузга жылдым. Мен деле көнүп баратам. Биз уктап жатып эле көп нерсе жасай албай калып жатабыз. Калктын мамлекеттин ишине олуттуу мамиле кылбагандыгы аябай байкалды. Кадимкидей салыштырдым. Анан бул жердегилер эгемендиктин баасын билбестен, аткаминер же карапайым жаран болсо да мамлекетти кор кармаганы өкүндүрдү. Ар ким кара башын, кара курсагын гана ойлойт экен. Биз азыр чардай турган абалда эмеспиз, тескерисинче, башыбыз менен жер казып, мамлекетти жөлөп-таяп тургузуп алуунун үстүндө болсок жарашат эле. Эгемендүү мамлекет болуу — бул чоң бакыт да. Ага эринбей кызмат кылуу керек.

— Кытайдан кандайча келип консерваторияда окуп калдыңыз?

— Мен алгач Кыргызстандан 500 долларга чакыртуу кагазын сатып алгам. Келген чакыртуу Ишеналы Арабаев атындагы окуу жайдыкы экен. Анан Топчубек Тургуналиев "сенин талантың бар экен, Искусство институтуна бар" дегенинен аталган окуу жайдын акынчылык өнөр факультетинде окуп калдым. Азамат Болгонбаев бир жумада эки-үч жолу келип сабак берип кетчү. Ал деле 1,5 миң сом айлыкка карабай, Арашандан бери келип балдар үчүн сабак өтчү. Жетише албай калдыбы, айтор, акыры ал агай да жумуштан кетти. Анан 2-курстан "элдик ыр" бөлүмүнө тапшырып, Жолдош Исраилов агайдан сабак алып калдым. Комуздан Самара Токтакунова эже окутту.

Акын-импровизатор, этнический кыргыз из Китая Акмат Султан
© Фото / Эрсен Осмонов
Султан: Жаңы келгенде жумушту тез-тезден бүтүрүп, бат эле өнүгүп кетчүдөй болуп калдастап шашып жүрчүмүн

— Ата-энеңиз да өнөргө жакын адамдарбы?

— Мен ата-энемдикинен да таята-таяне, чоң ата-чоң апамдыкында көп жүрдүм. Карыялардын талашы эле сөз да. Алар дайыма өткөн-кеткенди, нарк-насилди сүйлөшүп отурчу. Чоң атам кыргыз радиосундагы ырларды, манасчыларды аябай угар эле. Ойноп жүргөн мен дагы аябай таасирленчүмүн. Таенем өзү жамакчы киши. Мага көп ырларды жаттатып ырдата берчү.

"Сарбелдин жолу түз болсун,
Айдаган коюм жүз болсун,
Ала турган колуктум,
Айнектей сулуу кыз болсун", — деп ыр үйрөтчү.

Бизде Оркош деген ата бар эле. Анын Эрмек деген багып алган кызы бар болчу. Таенем мага ыр чыгырып берип, аны мен кичине кезимде ырдап жүрчү элем.

"Ош-ошдоп уюн айдаган,
Оркош менин кайнатам,
Эрмекти мага бербесе,
Оркоштун отун жайнатам", — деген ырларым бар эле (күлүп).

Азыр деле кудай өмүрүн берсин, таенем менен интернет аркылуу суйлөшүп турабыз. Кыргызда балага өнөр тай жагынан келет деп айтылат го. Таенемдин апасы Сайракан абдан жакшы ырдаган, жамакчы, кошокчу адам болгон экен. Кызыл-Сууда азыркыга чейин "Дөөлөттүн кызы Сайракан, дөңгө чыгып сайраган" деген ырлар айтылат.

Акын-импровизатор, этнический кыргыз из Китая Акмат Султан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Султан: Кыргызда балага өнөр тай жагынан келет деп айтылат го. Таенемдин апасы Сайракан абдан жакшы ырдаган, жамакчы, кошокчу адам болгон экен

— Эки жыл мурун үйлөндүңүз эле. Бир жума сүйлөшүп эле баш кошконуңузду уккам…

— Ооба, сүйүү турмуш кургандан кийин келет экен (күлүп). Келинчегим да консерваторияны кызыл диплом менен бүткөн. Азыр Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте сабак берет. Мен үйлөнгөндө бүт жол-жосунун руханий атам Элмирбек Иманалиев жасаган. Куданын алдына да ал киши ата ордуна атам болуп барган эле. Учурда наристе күтүп жаткан чагыбыз.

— Акындыктан тышкары эмне талантыңыз бар. Ырдаганыңызды угуп жүрөм, обон да чыгарасызбы?

— Үч-төрт обондуу ырларым бар. Алардын ичинен "Арыба, кыргыз" деген ырымды консерваториядагы мугалимим, белгилүү ырчы Токтобек Асаналиев ырдап жүрөт. Агайым былтыр "Санжыра" радиосунун жыл жыйынтыктоочу концертин да ушул ыр менен ачкан эле.

— Кандай пландарыңыз бар?

— Филармонияда атайын концерт берейин деп жүргөм. Тилекке каршы, устатым да дүйнө салып кетти. Экинчи жагынан пандемия да желкеден алып турат. Негизи концерт берүү оюм бар, бирок качан экени белгисиз. Негизи чыгармачылык көп изденүүнү талап кылат. Анын ичинен акындык өнөр көп тармакты камтыйт. Ошол эле сөздүн каймагын терип, чындыгын тепчип, учкул сөздөрдү кереметтүү кайрыктар менен айкаштырып айтуу керек. Жеңижок атабыз аккан сууну жети күн айткандай, акын ар тараптуу, билимдүү болушу абзел. Мен азыр үйрөнүү жолундамын. Дагы да үйрөнө берем.

— Өкүтүңүз барбы?

— Чыгармачылыкка 24 жашымда келдим. Кеч келгениме өкүнөм. Убакыттан уттургандай сезиле берет.

0
Белгилер:
Акмат Султан, консерватория, окуу, өнөр, Кытай, кыргыз, Элмирбек Иманалиев, төкмө акын
Тема боюнча
Дөөлөт Сыдыков: аянтта манас айтууга бир күн калганда тамакты токтоттум