Тынчтыкка карай жол. РФ аскерлери Карабахтын Лачын коридорун минадан тазалашты

Жазылуу
Карабахта кырдаал сентябрдын аягында курчуп кеткени маалым. Эми ачылган коридор менен качкындар кайта баштамакчы.

Тоолу Карабахтагы Түркиянын жана Азербайджандын желектери - Sputnik Кыргызстан
Түркиянын Карабахтагы тынчтык орнотуучулары: же бар, же жок болуу
Россиянын тынчтык орнотуучулары Тоолуу Карабахтагы Лачын коридорун, ошондой эле таанылбаган республиканын борбору Степанакерттин жолун толугу менен минадан тазалап чыгышты. Мындан тышкары, Шуши шаарына жакын жерде көзөмөл пункту жайгашып, бул өз кезегинде Лачын коридору аркылуу жол кыймылын ачууга шарт түздү. Алгачкы автокөлүктөр жүрүп, эми Армениядан Тоолуу Карабахка качкындар кайта баштамакчы.

Таанылбаган республикада кырдаал сентябрдын аягында курчуп кеткен. 9-ноябрда Азербайжан, Армения, Россия лидерлери ок атууну жана куралдуу кагылышууну токтотуу боюнча келишимге кол коюшкан. Документке ылайык, Карабахка россиялык тынчтык орнотуучулар кирмек.

Жаңылыктар түрмөгү
0