Үйүнө метеорит түшкөн киши тез эле миллионерге айланды. Индонезиядагы видео

Жазылуу
Жергиликтүү тургун таш келип тийгенде үйү чайпалып кеткенин, бактын кулаганын майда-чүйдөсүнө чейин айтып берген.

Индонезиялык Жошуа Хутагалунгдун эшигинин алдында илим үчүн баа жеткис болгон метеорит асмандан кулап түшкөн. Адистер анын баасы 1,9 миллион долларды чапчыйт деп айтышты. Бул туурасында The Sun басылмасы жазды.

Жерди көздөй жалындап учуп келе жаткан метеорит. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жерди көздөй жалындап учуп келе жаткан метеорит. Видео
Асмандан космостук объект келип түшкөндө 33 жаштагы киши үйүндө эле. Метеорит чатырды тешип өтүп, веранданын ичине кулаган. Анын көлөмү футбол тобундай жана салмагы 2,2 килограмм экендиги айтылды. Жергиликтүү тургун таш келип тийгенде үйү чайпалып кеткенин, бактын кулаганын майда-чүйдөсүнө чейин айтып берген.

Эксперттер космостон түшкөн таштын курагы болжол менен 4,5 миллиард жылга жакын деп божомолдоп жатышат.

Жошуа Хутагалунг үйүнө түшкөн космостук ташты коллекция топтогондорго миллиондогон акчага сатып, бир нече саатта миллионер болуп чыга келген. Ал мындай акчаны өмүр бою чогулта албай тургандыгын айтып, каражатынын бир бөлүгүн чиркөөнүн курулушуна бере турган болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0