Бишкектин чок ортосунан чыккан өрттүн асмандан көрүнүшү

Жазылуу
Бүгүн Greenwich кафесинен өрт чыкты. Коюу түтүн алыстан көрүнүп жатты. Өрт тез эле чектөөгө алынды. Ал эми саат 16:12де толугу менен өчүрүлгөн.

Өрт болжол менен саат 14:50дө башталган. Жерине алгач бир өрт өчүрүүчү унаа барып, кийин экинчиси тартылган. Кафенин эл отурган бөлүгү жабыркаган эмес.

Кафенин администраторунун айтымында, адамдар жабыркаган жок. Өрт ашканага жайылган эмес. ӨКМ окуядан жабыркагандар жок экенин кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0