Кыргызстандык мушкер каршылашын бир сокку менен нокаутка кетирди. Видео

Жазылуу
Турнирде жалпысынан 22 кыргызстандык мушкер беттешкен. Алардын тогузу нокаут, бешөө муунтуу жана үчөө судьянын чечими менен жеңишке жетти.

Кыргызстандык мушкер Кудурет Талипов беттештин 16-секундунда өзбекстандык Баходир Бахрамовду нокаутка кетирди. Бул тууралуу маалымат "Колизей ММА" уюмунун социалдык баракчасына жарыяланды.

Кезектеги "Чемпиондордун беттеши 16" турнири Москвада 15-ноябрда өткөн. Кыргызстандык мушкер 70 килограммга чейинки салмак категориясында өзбекстандык Баходир Бахрамовго каршы чыккан.

Видеодон кыргызстандык мушкер каршылашын көз ачып жумгуча нокаутка кетиргенин көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0