Учактан спецназ желкелеп алып кетти. Кримтөбөл "Чачтын" кармалган видеосу

727
(жаңыланган 15:03 21.11.2020)
УКМК уюшкан кылмыштуу топтун "Чач" каймана аты бар Э.М. аттуу активдүү мүчөсүн колго түшүрдү. Ал отурган учак "Манас" эл аралык аэропортуна конору менен спецназдар чыгып желкелеп кармап кетишкен.

УКМК тараткан маалыматта, "Чач" кайсы жактан учуп келе жатканда кармалганы айтылган эмес.

Атайын кызмат Э.М. буга чейин Беларуста киши колдуу болгон криминалдык авторитет Алманбет Анапияевдин тобунда жүргөнүн, Кыргызстандын аймагында бир катар кылмышка барганын жана Жалал-Абаддагы атышууга катыштыгы бар экенин белгилейт.

"Кримтөбөл Э.М. жана ал башкарган кылмыштуу топту "Кыргызнефтегаз" компаниясынын мурунку жетекчиси Р. Бостонкулов мыйзамга каршы аракеттерине пайдаланып жүргөнүн айта кетүү зарыл", — деп белгиленет маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүш иши Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

УКМК Э.М. жана аны менен байланышы бар адамдар жасаган кылмыштардын бетин ачууга багытталган иш-чаралар улантыларын кошумчалады.

727
Белгилер:
учак, кармоо, криминал, уюшкан кылмыштуу топ, УКМК
Тема боюнча
Спецназ жабыла кирип басып калды. Сүйүн Өмүрзаковдун инисин кармаган видео
Спецназдын Ошто кримтөбөлдү кармаган учуру. Видео
Сузакта бири-бирин аткылаган эки кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Сүрөт

Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имаратына экскурсия. Видео

190
(жаңыланган 16:20 25.11.2020)
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Башкы прокуратуранын өрттөнүп кеткен имаратына кирип окурмандар үчүн түз эфир алып барды.

Белгилей кетсек, Киев менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имарат 2010-жылдагы апрель окуяларында өрттөлгөн.

Бүгүн, 25-ноябрда, бул имараттын ордуна жети кабаттуу эки муниципалдык имарат куруу пландалып жатканы маалым болду. Анда Бишкек шаардык кеңештин аппараты жана шаардык кызматтар жайгашмакчы.

190
Белгилер:
имарат, Башкы прокуратура, Бишкек
Тема боюнча
Мэрия Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имаратынын тагдырын чечмей болду

Жогорку Кеңештин депутаттары 2021-жылдын бюджетин карады. Видео

94
(жаңыланган 17:58 25.11.2020)
Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бүгүн депутаттар чоң жыйындар залында отурушат. Бул жер оңдоп-түзөөдөн өтүп, октябрдагы башаламандыктардан кийин биринчи ирет чогулушууда.

Түшкү тыныгуудан кийинки жыйын башталды. Күн тартибинде башкы маселе "2021-жылдын республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору.

94
Белгилер:
бюджет, түз эфир, жыйын, Жогорку Кеңеш
Тема боюнча
Новиков Кыргызстан чет жактан канча карыз алып, кайда жумшаганын айтты
ЖК социалдык өнүктүрүү министри кызматына Ализа Солтонбекованы колдоду
Легендарлуу футболчу Диего Марадона. Архив

Легендарлуу футболчу Диего Марадона көз жумду

0
(жаңыланган 22:50 25.11.2020)
Аргентиналык спортчу 60 жашта болчу. Ал 30-октябрда медициналык көзөмөлдөн өтүү үчүн ооруканалардын бирине жаткырылган.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Футбол боюнча 1986-жылы дүйнө чемпиону болгон легендарлуу футболчу Диего Марадона көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости Аргентинанын TN телеканалына таянып кабарлады.

Аргентиналык спортчу 60 жашта болчу.

30-октябрда "Химнасия жана Эсгрима" футбол клубуна башкы машыктыруучулук кылып жаткан Марадона бир катар текшерүүлөрдөн өтүү үчүн ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк анын мээсине операция жасалгандыгы кабарланган. Марадона ооруканадан 12-ноябрда чыгарылганы айтылган. Футбол адисинин акыркы жылдары басканы оорлошуп, өзүн начар сезип калган.

0
Тема боюнча
Роналду, Зидан, Марадона... Дүйнөлүк футболчулардын атын алган кыргызстандыктар