Ролик дене тарбия жана спорт тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу, ошондой эле кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында тартылганы белгиленет.
Анда спортко шыктанган бала жөнүндө баяндалат. Апасы спорт мектебине алып келсе, андан акча талап кылгандыктан тапшыра албай калган.
"Балдарыбыздын кыялдарын талкалоого жана коррупцияга жол бербейли!" — деген чакырык ташталган роликте.
Белгилей кетсек, мамлекеттик спорт мекемелеринде балдарды жана жаштарды спортко машыктыруу акысыз жүргүзүлөт.