Майянын кашын жарып салды. Шевченко чемпиондугун коргогон беттештин видеосу

2227
(жаңыланган 13:21 22.11.2020)
Кыргызстандык мушкер UFC 255 мелдешинин негизги беттештеринин биринде бразилиялык Женнифер Майяны жеңип алды.

Бүгүн, 22-ноябрда, АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 255 турниринде кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоп калды. Промоушендин эң жеңил салмактагы титулу үчүн ал кезектеги беттешинде бразилиялык Женнифер Майя менен кез келди.

Беш раундга созулган айыгышкан беттеш жүрүп, кыргызстандык мушкер кыз толук артыкчылык көрсөттү. Калыстар беш раунддун төртөөндө Валентина уткан деп баалашып, жеңишти кыргызстандык мушкерге ыйгарышты.

Жеңиштин урматына Валентина салт катары лезгинка бийледи.

Беттештен кийинки маегинде Валентина атаандашынын буга чейинки беттештерин көргөнүн, анын чыдамкайлыгын байкаганын, ошондуктан буга даярдык көргөнүн айтты.

Ушуну менен Валентина Шевченко чемпиондук курун төртүнчү ирет коргоду. Кыргызстандык спортчу акыркы ирет ушул жылдын февраль айында Кэтлин Чукагянды утуп, чемпиондук курун үчүнчү ирет коргогон.

2227
Белгилер:
наам, беттешүү, Женнифер Майя, Валентина Шевченко, UFC
Тема:
Валентина Шевченконун Женнифер Майя менен беттеши (18)
Тема боюнча
Шевченко менен Майянын кармашы. UFC 255 мелдешинен онлайн-репортаж
Кыргызстанга бармакпыз... Шевченко эстен кеткис саякаты тууралуу баяндап берди
Валентина Шевченко карьерасын качан жана кантип жыйынтыктай турганын айтты

Конституциялык палата ЖКнын мөөнөтүн 7 айга узартууга кантип макул болду? Видео

19
(жаңыланган 21:00 02.12.2020)
Жогорку соттун Конституциялык палатасы (КП) парламенттин мөөнөтүнүн узартылышын мыйзамдуу деп тапты. Бул чечим акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт деп билдирди.

КПнын отуруму бүгүн, 2-декабрда, болуп, акыркы чечим кабыл алынды. Жыйынга Карыбек Дүйшеев төрагалык кылып, палатанын калган жети мүчөсү да катышты.

Конституциялык палата даттануучулар "Реформа" партиясынын төрайымы Клара Сооронкулованын жана жарандар Нурбек Касымбековдун, Таалайбек Усубалиевдин жана Жогорку Кеңеш өкүлдөрүнүн жүйөсүн укту. Ошондой эле президенттик аппарат менен Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү дагы позициясын айтышты.

Андан соң судьялар кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетип, беш сааттан кийин келди.

Белгилей кетсек, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону кайрадан өткөрүүнү 20-декабрга дайындаган. Бирок анын эртеси Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу, башкача айтканда, БШК таянып иш алып барып жаткан беренени токтото туруу мыйзамын кабыл алды. Ага ылайык, шайлоо күнү конституциялык реформадан кийин, 2021-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөткө белгиленген. Аталган мыйзамга ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон. Азыркы парламенттин беш жылдык мөөнөтү 28-октябрда аяктаган.

Ал эми БШК өз мөөнөтүндө өткөрүү талабы менен Жогорку сотко чейин даттанып утулуп калган.

Буга чейин Конституциялык палата Венеция комиссиясына дал ушул жагдай боюнча кайрылып, жооп алган.

Комиссиянын корутундусунда азыркы парламент өзгөчө чараларды, анын ичинде конституциялык реформаны жүргүзө албай турганы белгиленген. Ошондой эле конституциялык мыйзам токтоп, шайлоонун мөөнөтү жылдырылганына жана демократиялык оюндун эрежелери бузулганына кабатырланган.

Жыйында тараптар кандай жүйө келтиргенин кийинки материалдан окуңуз.

19
Белгилер:
мөөнөт, парламент, чечим, Конституциялык палата
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо
Тема боюнча
Садыр Жапаров ЖК кабыл алган шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду
КП ЖК мөөнөтүнүн узартылышын мыйзамдуу деп тапты. Жыйында тараптар эмне деди

Россияга рахмат: Тоолуу Карабахта мектеп, ооруканалар ачыла баштады

86
Степанакертте мектептер ачылып, андан сырткары, жергиликтүү төрөт үйү ишин баштады. Согуштан кийин ал жерде биринчи ымыркай жарыкка келди.

Тоолуу Карабахта тынч жашоо кадимкисиндей уланууда. Эл өз үйлөрүнө кайтып келип, дүкөндөр иштеп, коомдук транспорт каттап, жашоочулар коопсуздугу үчүн коркпой көчөгө сейилдеп чыга баштады.

Эл жашаган башка жерлерде да инфратүзүмдү калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Мунун баары россиялык тынчтык орнотуучулардын эмгеги. Алар жергиликтүү элдин жай жашоосуна кайтып келиши үчүн аракет кылышууда.

86
Белгилер:
оорукана, мектеп, тынчтык орнотуучу, тынчтык, Тоолуу Карабах, Россия
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Тынчтыкка карай... Россия Тоолуу Карабахка кандай жардам берип жатат
Карабахтагы сириялык туркомандар: согушууга барышканбы же жайгашуугабы?
Кадам сайын жарылбасын! Карабахтагы миналарды зыянсыздандыруу аракеттери
КР президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов

ЖККУ саммитинде маанилүү документтерге кол коюлду. Тизме

0
Бүгүн, 2-декабрда, өткөн саммитке КР президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов катышты. Жыйынга Россия Федерациясы төрагалык кылды.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишим жөнүндө уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчылары бүгүнкү жыйында 15 документке кол коюшту.

Бүгүн, 2-декабрда, өткөн саммитке КР президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов катышты.

Сессиянын жыйынтыгында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү тарабынан аларга кол коюуга жеке тартипте киргизиле турган бир катар документтердин долбоорлору жактырылды.

Алар:

  • Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясы;
  • ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин адилеттүү жана туруктуу тынчтык түзүмүн куруу жөнүндө билдирүүсү;
  • ЖККУнун “2021-2025-жылдарга карата Жамааттык коопсуздук келишим жөнүндө уюмуна мүчө-мамлекеттердин аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү планы тууралуу” чечими;
  • ЖККУнун “2021-2025-жылдарга карата Жамааттык коопсуздук келишим жөнүндө уюмуна мүчө-мамлекеттердин баңги заттарга каршы стратегиясы тууралуу” чечими;
  • ЖККУнун “Жамааттык коопсуздук жөнүндө уюмдун алкагында биргелешип иштелип жана өндүрүлүп жаткан аскердик максаттагы продукциялар менен бардык этаптарда камсыз кылуу жана алардын сапатын көзөмөлдөө боюнча комплекстүү жана системдүү мамилелердин концепциясы жөнүндө” чечими;
  • ЖККУнун “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик бийлик органдары үчүн кадрларды даярдоо тутумун өркүндөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө” чечими;
  • ЖККУнун “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Тынчтык куруу күчтөрүнүн кызматкерлерин даярдоо боюнча базалык окуу-методикалык уюму жөнүндө” чечими;
  • ЖККУнун “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин тынчтык куруу контингенттеринин курамы жана жайгаштырылышы тууралуу протокол жөнүндө” чечими;
  • ЖККУнун “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгындагы квоталык кызмат орундарын бөлүштүрүү жөнүндө” чечими;
  • ЖККУнун “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы тууралуу отчёту жөнүндө” чечими;
  • ЖККУнун “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2021-жылга карата бюджети жөнүндө” чечими;
  • ЖККУнун “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” чечими;
  • ЖККУнун “Уюмга төрагалык кылуу, Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө” протоколдук чечими;
  • ЖККУнун аскерлерин (Жамааттык күчтөрүн) материалдык-техникалык жана медициналык жактан биргелешип камсыздоо жөнүндө макулдашуусу (документ эл аралык келишимдерге кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболор бүткөндөн кийин ЖККУнун ЖКК мүчөлөрүнө кол коюуга киргизилет);
  • 2007-жылдын 6-октябрындагы ЖККУнун Тынчтыкты куруу ишмердиги жөнүндө макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколу (документ эл аралык келишимдерге кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболор бүткөндөн кийин ЖККУнун ЖКК мүчөлөрүнө кол коюуга киргизилет).
0
Белгилер:
документ, Талант Мамытов, ЖККУ, Кыргызстан
Тема боюнча
ЖККУнун коргоо министрлеринин отуруму өттү. Талкууланган маселелер
Талант Мамытов ЖККУ лидерлерине президенттик шайлоо таза өтөрүн убадалады