Ичер суусу бар экен... Жарышта трассага кулаган мотоспортчу аман калган видео

Жазылуу
Спортчу мотоциклин башкара албай калып, жолдун чок ортосуна кулаган. Артында зуулдап келген бир канча мотоспортчу аны айланып өтүп кетишкен.

Испаниялык мотоспортчу Арон Канет жарышта байктан трассанын так ортосуна кулап, кырсыктан аман калды. Бул тууралуу "Чемпионат" маалымат булагы жазды.

Трагическая гибель мотогонщика попала на видео - Sputnik Кыргызстан
Бразилияда жарыш учурунда тосмого урунган мото спортчу каза болду. Видео
Кооптуу учур Португалиянын Портиман шаарында "Мото 2" мелдешинин квалификациялык этабында болгон.

Канет трассанын сегизинчи кайрылышында мотоциклин башкара албай калып, жолдун чок ортосуна кулаган. Бир топко чейин сүрүлүп барган жабырлануучунун артында зуулдап келе жаткан дагы беш-алты мотоспортчу ага, жанындагы мотоциклине тийбестен өтүп кетишкен.

Спортчу жөрмөлөгөн абалда жолдон четке чыгып, мотоциклине барып, жарышты кайра уланткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0