Елена Шевченконун чемпионатка катышкан видеосу Муай-тай боюнча ышкыбоздордун эл аралык федерациясынын YouTube каналына жарыяланды.
Спортчулар камерага өздөрүнүн техникасын, ылдамдыгын жана өзгөчө ыкмаларын көрсөтүп берүүлөрү керек болгон. Үч раунд бою аларга судьялар көз салып турган. Кыргызстандык спортчунун финалдагы каршылашы АКШлык Паскаль Фернандес болгон. Жыйынтыгында жеңишти 30:27 эсеби менен Шевченкого ыйгарышкан.Елена Шевченко - UFC уюмунун мушкерлери Валентина жана Антонина Шевченколордун энеси. Кечээ күнү өткөн турнирге мушкерлердин экөө тең катышты. Валентина бразилиялык каршылашы Женнифер Майяны жеңип, чемпиондук титулун коргоп калды. Беттеш беш раундга созулду. Ал эми Антонина Шевченко бразилиялык Ариана Липскини техникалык нокаут менен утуп алган.
Учурулган "өрдөктөргө" таянсак, Трамп ал күнү Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Клинтондун буга далили барбы? АКШ эмне үчүн кайрадан өзүнүн ички көйгөйлөрүнүн себебин тыштан издейт? Америкалык миллиардерди саясий жактан анча жактыра бербеген Клинтонду эмнеге "өчөшкөн айым" деп аташты? Жоопту видеодон көрүңүз.
Маалыматка караганда, аталган клуб Кара-Балта шаарынын Карл Маркс жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде "Лаванда" деген сулуулук салон катары иштеп жаткан.
Тинтүү учурунда атайын программалар менен камсыздалган компьютердик жабдуулар, акча каражаты жана башкалар табылган. Ошондой эле ичинде кумар оюндарын ойноп жаткан кардарлар отурган.
Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылды. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Нутрициолог Марк Гилберт Express басылмасына берген маегинде ден соолукту бекемдеп, узак өмүр сүрүү үчүн туура тамактануу керектигин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Адистин айтымында, биринчи кезекте калориялуу азыктарды азайтуу керек. Анткени калориясы төмөн тамак рациону картаюуну жайлатып, рак, Альцгеймер жана кант диабети илдеттерин алдын алат.
Нутрициолог организмге D витамини өтө зарыл экенин белгилеп, ал иммунитет менен тыгыз байланышта болоруна токтолгон.
"Жемиштерди көп жегиле. Себеби ал жүрөктүн иштөөсүн жакшыртып, иммунитетти бекемдеп, кан басымын түшүрөт. Жемиштер холестериндин топтолушун да алдын алат", — деген адис.
Нутрициолог кант диабетинин экинчи түрүнө кабылуу тоболкелчилигин азайтуу үчүн көк чайды көп ичүүнү сунуштаган.
Бул эрежелерди бир аз убакыт эле сактаган учурда адамдын ден соолугу бир топ жакшыра турганы айтылды. Ал эми аларды дайыма аткарса, адамдын узак жашоо мүмкүнчүлүгү көбөйөт.