Түшкү тыныгуудан кийинки жыйын башталды. Күн тартибинде башкы маселе "2021-жылдын республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору.
Видео мекеменин YouTube каналына жүктөлдү. Машыгуу Чүй облусунун ГЭС-5 эс алуу борборунда өткөн.
Суучулдар муздун алдында издөө-куткаруу иш-чараларын жүргүзүүгө тартылары белгиленди.
Куткаруучу-суучулдар күжүрмөн даярдыкта болуу үчүн маал-маалы менен муз алдында практикалык жана теориялык көнүгүүлөрдү аткарып турушат.
Учурулган "өрдөктөргө" таянсак, Трамп ал күнү Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Клинтондун буга далили барбы? АКШ эмне үчүн кайрадан өзүнүн ички көйгөйлөрүнүн себебин тыштан издейт? Америкалык миллиардерди саясий жактан анча жактыра бербеген Клинтонду эмнеге "өчөшкөн айым" деп аташты? Жоопту видеодон көрүңүз.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясын 118 киши жуктурду, ал эми 155 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бишкек — 47;
Ош — 2;
Чүй облусу — 23;
Ош облусу — 10;
Талас облусу — 4;
Нарын облусу — 10;
Ысык-Көл облусу — 14;
Жалал-Абад облусу — 8;
Баткен облусу — 0.
Жалпысынан 83 703 кишиден коронавирус аныкталган.
Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Бишкек — 58;
Ош шаары — 2;
Чүй облусу — 46;
Ош облусу — 13;
Талас облусу — 1;
Нарын облусу — 2;
Ысык-Көл облусу — 19
Жалал-Абад облусу — 11
Баткен облусу — 3.
Айыккандардын жалпы саны 79 664 болду.
Тилекке каршы, акыркы суткада коронавирустан Чүйдө жана Ысык-Көлдө эки бейтап көз жумду. Пандемия ушуну менен 1 396 кишинин өмүрүн алды.
Стационарда 697 дарыланууда. Анын үчөөнүн абалы канааттандырарлык, 442 орточо, 219у оор, ал эми 33ү өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 1 017 бейтап бар.