АКШга бөгөт болгон россиялык моряктар: Петр Великий куймасындагы чагымчылдык

Жазылуу
Россиянын Коргоо министрлиги америкалык кеме деңиз чек арасынан эки чакырым өтүп кеткенин тактады.

Россиянын аскердик кемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Судандагы Аскер-деңиз флоту: Россия Африкада күчтөнүп жатат
Россиянын Тынч океан флотунун "Адмирал Виноградов" корабли Петр Великий куймасындагы РФ аймагына кирип келген АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн "Жон Маккейн" эсминецин токтотуп калды. Өлкөнүн Коргоо министрлиги америкалык кеме деңиз чек арасынан эки чакырым өтүп кеткенин тактады. "Адмирал Виноградов" экипажы АКШ кемесине эскертүү берип, эгер аймактан чыгып кетпесе, чара көрөрүн айткан. Ошондон кийин гана мажбурлап токтотууга багыт алганы белгиленет.

Эсминец кырдаал курчуп баратканын байкап, нейтралдуу аймакка чыгып кеткен. "Жон Маккейн" Россия аймагында эмне кылып жүргөнүн жана АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн 7-флотунун командачылыгы аракетин кандайча түшүндүргөнүн биздин видеодон көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0