Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) уюму эже-сиңди Антонина жана Валентина Шевченколор катышкан турнирдин жайлатылган видеосун жарыялады.
Комментаторлор роликтин мындай версиясы мушкерлердин ар бир соккусун даана көрсөтүп, турнирдин кызыгын арттырганын белгилешкен.22-ноябрда өткөн турнирде Шевченко чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоп калган. Беш раундга созулган айыгышкан беттеш жүрүп, кыргызстандык мушкер кыз толук артыкчылык көрсөткөн.
Ал эми Антонина Шевченко бразилиялык Ариана Липскини техникалык нокаут менен жеңип алды. Кийин ага мыкты беттеш көрсөткөнү үчүн 50 миң доллар бонус катары берилген.
Daily Mail аял-күйөөсүн күтүүсүз коноктор "тосуп алгандыгын" жазды.
Алар бош үйүндөгү "конокторду" видеого тартып алышкан. Кадрдан айнек терезенин алдында жайбаракат күн чубактап жаткан алты арстанды көрүүгө болот.
Маалыматта үй улуттук Крюгер паркынын жанына жайгашып, Дэвиддин атасына тиешелүү экендиги жазылган. Адатта ал тегеректен ээн-эркин жүргөн жырткычтарды көп кездештирүүгө болот.
Там сатыкка коюлуп, бир нече мезгилден бери бош турган. Адам жыты келбегендиктен, жырткычтар ал жерди байырлай баштаган.
Sputnik агенттиги даярдаган даректүү тасма кырсыктын себептерин иликтөө боюнча документтин негизинде даярдалды. Ал кырсык тууралуу көп жазылды, бирок табышмак бойдон калган нерселер али да арбын.
Ошондой эле каргашада 39 адам каза болгону айтылат. Алардын 35и жергиликтүү тургундар болсо, төртөө — экипаждын мүчөсү. Анда эмне үчүн эстелик ташка 40 адамдын ысымы чегилген. Атургай кээ бирөөлөр 43 кишинин өлгөнүн айтышат. Анда аты айтылбаган төрт киши ким?
Бул суроолорго Sputnik даярдаган даректүү тасмадан жооп аласыз. Эгер даректүү тасмага убактыңыз тар болсо, анда видеоинфографиканы көрүңүз.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия референдумдагы бюллетендерди кол менен эсептөөнүн жыйынтыгын чыгарды.
Бардык 2474 шайлоо участогунан протоколдор келип, анын үчөөндөгү добуш берүү жокко чыгарылды. Бирок себеби айтылган жок.
Референдумга 1 миллион 401 миң 450 киши катышкан. Бул жалпы шайлоочулардын (3 миллион 563 миң 574 киши) 39,33 пайызын түзөт.
Эске салсак, БШК шайлоонун расмий жыйынтыктарын жарыялай элек. Буга чейин бюллетендерди кол менен эсептөөнүн негизинде Садыр Жапаров алдыда экени айтылган.