"National Geographic Россия" басылмасынын маалыматына караганда, Арпит Парех аттуу гиддин туристтер тобу көл жээгинде жаткан жолборсту карап турушкан. Бир маалда жырткыч ары барып башка жаныбарга кол салган.
"Биз кыйкырыктарды угуп калдык. Көрсө жолборс аюу менен согуша кетиптир. Бир маалда экөө тең көрүнөө жерге чыгышты. Жолборс аюуну тиштеп алып, өзү чарчаганда араң коё берди. Аягында канжалаган аюу атаандашына тиш салды”, — деп айтып берген Парех.
Маалыматка караганда, жырткычтар жарым сааттай согушуп, акыры экөө эки жакка кетип калган.
Шектүү катары ошол эле шаардын 2000-жылы туулган эки жараны кармалды. Маалыматка караганда, алардын жанынан уурдалган нерселер табылып, эки айга камакка алынган.
Шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бары-жогу текшерилип жатат.
Жолчулар сентябрдан бери айлык толук төлөнбөй 2000-3000 сомдон гана берилип жатканына нааразы. Маселени аймактагы жетекчилер чече албагандыктан министрликке келүүгө аргасыз болгонун айтышты.
Нарындын Ат-Башы районунда жол тазалап иштеген Жаңыбай Кенжебаев декабрдан бери айлыгын ала элек.
"Контордо иштегендер бизден мурда, ай сайын өз убагында алат. Алар жайкысын көлөкөдө, кышкысын жылуу кеңседе отурушат. Ал эми биз аба ырайынын ысык-суугуна карабай иштейбиз. Анан калса минтип маянабызды кечиктирип, аз-аздан берип коюп кыйнап жатышат. Акыры айлабыз кеткенде ушул жерге келдик. Мугалим, медик, милиционерлердин айлыгы көтөрүлдү, бирок негизги жумушту аткарган жолчулардыкы жогорулаган жок", — деди Кенжебаев.
Дагы бир жолчу Мырзабек Данияров күн жааганда түнкү саат 4:00дө эле жумушка чыгарын, кээде эки суткалап жолго кум чачып, күнү-түнү тазалап турушарын айтат.
Ал эми Нарын шаарында иштеген Жаныбек Асаналиев төрт айдан бери маяна ала элегин айтты.
Чогулгандардын алдына Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Жумаш Сооданбаев чыкты. Ал январдын айлыгы толук төлөнөрүн, ал эми февралда мурдагы карыздары кошулуп берилерин убадалады. Маянанын кечигүүсүн пандемияда министрликтин бюджети кыскартылганы менен түшүндүрдү.
Ал арада УКМК Жол чарба департаментинин директору Шабданбек Иманкуловду "мыйзамсыз байыган" деп кармады. Аткаминер төрт хан сарайга, Бишкектен 20 батирге, кымбат баалуу автоунааларга жана көптөгөн бодо малга ээлик кылары айтылды.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. УКМК экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кармады. Бул тууралуу күч органдарынан өздүк булактар билдирди.
Маалыматка караганда, ал мыйзамсыз жол менен байыган деп шектелип жатат. УКМК Абылгазиевди баш коргоо чарасы каралганга чейин эки суткага СИЗОго камакка алганы айтылууда.