Аскер инженерлери согуш учурунда талкаланган аймакта байланыш каражаттары менен инфраструктураны калыбына келтирүүгө жардам берүүдө. Ошондой эле жол кыймылы калыбына келип, борбор калаада коомдук транспорт каттай баштады.
Адистер мурда согуш талаасы болгон аймактын ар бир метринен жарылуучу заттарды издеп, учурда 2 гектар аймак менен 3 чакырым жолду тыкыр карап чыгышты. Көптөгөн жарандык жана социалдык объектилер текшерилди.
Видео мекеменин YouTube каналына жүктөлдү. Машыгуу Чүй облусунун ГЭС-5 эс алуу борборунда өткөн.
Суучулдар муздун алдында издөө-куткаруу иш-чараларын жүргүзүүгө тартылары белгиленди.
Куткаруучу-суучулдар күжүрмөн даярдыкта болуу үчүн маал-маалы менен муз алдында практикалык жана теориялык көнүгүүлөрдү аткарып турушат.
Учурулган "өрдөктөргө" таянсак, Трамп ал күнү Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Клинтондун буга далили барбы? АКШ эмне үчүн кайрадан өзүнүн ички көйгөйлөрүнүн себебин тыштан издейт? Америкалык миллиардерди саясий жактан анча жактыра бербеген Клинтонду эмнеге "өчөшкөн айым" деп аташты? Жоопту видеодон көрүңүз.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байден Кошмо Штаттарга кире турчу адамдардан ПЦР-анализи терс чыккан маалымдамаларды гана эмес, карантин да талап кылынарын жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Вирустун жаңы штаммын аныктап калсак, АКШга башка мамлекеттерден учуп келгендерге жаңы чараларды киргизебиз. Ар бири бет капчан болушу шарт. Ошондой эле АКШга келе турчулар учакка отурарда коронавируска тест тапшырып, Америкага келгенде карантинден өтүшү зарыл", — деген Байден.Белгилей кетсек, Байден кызматка киришери менен экс-президент Дональд Трамптын бир катар жарлыктарын жокко чыгарган.
Алгач президент АКШны кайрадан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна мүчө кылып киргизди. Эске салсак, 2020-жылдын апрель айында Американын ал кездеги лидери Трамп ДССУну Кытайга өтө эле көңүл бурарын, болбосо уюм АКШ бөлгөн акчанын көпчүлүк үлүшүн аларын айтып чыккан. Июль айынан баштап Кошмо Штаттар уюмдан чыгуу процессин баштаган.