Атактуу спортчулардын беттешинин толук видеосу YouTube-каналга жарыяланды.
Кармашуу АКШнын Калифорния шаарында өттү. Ал сегиз раундга ылайыкташып, ар бир бөлүк эки мүнөткө белгиленген.
Беттеш мөөнөтүнөн мурда аяктабай, спортчулар аягына чейин кармашышты. Натыйжада калыстар алар тең чыкты деген тыянакка келишкен.
Кармаш күйөрмандар болжолдогондой эле болду. Тайсон дистанцияны жакындатып, Жонско ыңгайсыздык жаратканга аракет кылды. Атаандашы өз кезегинде күүлүү-күчтүү экенин тастыктап турду. Нокаут болгон жок.Эки боксчу тең жыйынтыкка макул болбой, жеңгенин бир ооздон айтып, рингдеги артыкчылыктарын санашты.
Тайсон да, Жонс да рингге карьерасын жыйынтыктагандан кийин кайтып жатканын белгилей кетели. Майк Тайсон 2005-жылдан бери, ал эми Рой Жонс 2018-жылдан бери беттешке чыга элек болчу.
Шектүү катары ошол эле шаардын 2000-жылы туулган эки жараны кармалды. Маалыматка караганда, алардын жанынан уурдалган нерселер табылып, эки айга камакка алынган.
Шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бары-жогу текшерилип жатат.
Жолчулар сентябрдан бери айлык толук төлөнбөй 2000-3000 сомдон гана берилип жатканына нааразы. Маселени аймактагы жетекчилер чече албагандыктан министрликке келүүгө аргасыз болгонун айтышты.
Нарындын Ат-Башы районунда жол тазалап иштеген Жаңыбай Кенжебаев декабрдан бери айлыгын ала элек.
"Контордо иштегендер бизден мурда, ай сайын өз убагында алат. Алар жайкысын көлөкөдө, кышкысын жылуу кеңседе отурушат. Ал эми биз аба ырайынын ысык-суугуна карабай иштейбиз. Анан калса минтип маянабызды кечиктирип, аз-аздан берип коюп кыйнап жатышат. Акыры айлабыз кеткенде ушул жерге келдик. Мугалим, медик, милиционерлердин айлыгы көтөрүлдү, бирок негизги жумушту аткарган жолчулардыкы жогорулаган жок", — деди Кенжебаев.
Дагы бир жолчу Мырзабек Данияров күн жааганда түнкү саат 4:00дө эле жумушка чыгарын, кээде эки суткалап жолго кум чачып, күнү-түнү тазалап турушарын айтат.
Ал эми Нарын шаарында иштеген Жаныбек Асаналиев төрт айдан бери маяна ала элегин айтты.
Чогулгандардын алдына Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Жумаш Сооданбаев чыкты. Ал январдын айлыгы толук төлөнөрүн, ал эми февралда мурдагы карыздары кошулуп берилерин убадалады. Маянанын кечигүүсүн пандемияда министрликтин бюджети кыскартылганы менен түшүндүрдү.
Ал арада УКМК Жол чарба департаментинин директору Шабданбек Иманкуловду "мыйзамсыз байыган" деп кармады. Аткаминер төрт хан сарайга, Бишкектен 20 батирге, кымбат баалуу автоунааларга жана көптөгөн бодо малга ээлик кылары айтылды.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. УКМК экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кармады. Бул тууралуу күч органдарынан өздүк булактар билдирди.
Маалыматка караганда, ал мыйзамсыз жол менен байыган деп шектелип жатат. Абылгазиевди УКМК баш коргоо чарасы каралганга чейин эки суткага СИЗОго камакка алганы айтылууда.