Финполдун тергөөчүсүнө 250 миң сом пара берип жаткан адам кармалды. Видео

Жазылуу
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Ысык-Көл облусунда кызмат адамына 250 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан адамды кармады.

ИИМдин кызматкери пара алып кармалды - Sputnik Кыргызстан
УКМК: ИИМдин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
Финполдун маалымат кызматынын билдиришинче, 1-декабрда Т.А. аттуу жаран кылмыш иши боюнча маселени өзүнүн пайдасына чечүүгө аракет кылып, тергөөчүгө ири өлчөмдөгү пара берип жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Жазык кодексинин 328-беренеси ("Пара берүү") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ал эми кармалган адам Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0