Овечкиндин "Финикске" киргизген шайбасы XXI кылымдын мыкты голу болду. Видео

Жазылуу
Sportsnet басылмасы 2000-жылдан азыркыга чейин киргизилген 140 миң голдун ичинен 32 финалистти тандаса, анын мыктысын хоккей ышкыбоздору социалдык тармактардагы сурамжылоо аркылуу аныкташкан.

Улуттук хоккей лигасындагы (NHL) АКШнын "Вашингтон" командасынын чабуулчусу, россиялык хоккейчи Александр Овечкиндин "Финикс" командасынын дарбазасына киргизген шайбасы 21-кылымдын мыкты голу деп табылды. Бул тууралуу Р-Спорт маалымат булагы жазды.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Секирген атаандашын төбөгө көтөрүп уруп... КР балбандары жасаган укмуш ыкмалар. Видео
Sportsnet абройлуу басылмасынын эксперттери 2000-жылдын январь айынан бери киргизилген 140 миң голдун ичинен 32 финалистти тандап алышкан. Анын мыктысын хоккей ышкыбоздору социалдык тармактардагы сурамжылоо аркылуу аныкташты.

Тандоодо россиялык спортчунун 2006-жылы киргизген голу 55,1 пайыз добуш алып жеңүүчү болгон. "Коламбус" командасынын мурдагы чабуулчусу Рик Нэштин "Койотс" командасынын дарбазасына киргизген шайбасы экинчи орунду ээледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0