Аял күчүгүн жыландын оозунан сууруп алды. Таң калтырган видео

Жазылуу
Австралиялык аял эки айлык күчүгүн жыландын уусунан сактап калганы көптөрдүн таң калуусун жаратты.

Квинсленд штатындагы окуянын кандай болгондугун Daily Mail жазган.

Мишель ван Шувен аттуу аял күчүгү Жасперди муунтуп жаткан жыландан тартып алган видео анын үйүндөгү камерага жазылып калган.

Две змеи и сом поедают друг друга — удивительное видео - Sputnik Кыргызстан
Эки жылан менен жаян балык бири-бирин жейм деп... Кызыктуу видео
Кадрдан ойноп жаткан күчүктүн мойнуна короодогу бадалдан чыга калган жылан шап оролуп муунта баштагандыгын көрүүгө болот. Бир нече ирмемдерден кийин чуркап келген кожойке алгач оролгон кагаз менен чапкылап, пайда чыкпаган соң жылаңач колу менен жыланды кармаганга дааган. Бир нече секунда өткөн соң күчүгүн бошотуп алып, питонду ыргытып жиберген.

Аз жерден курмандыкка чалынып кала жаздаган жаныбардын жараатын таңган Мишель анын аман калгандыгын айткан.

Социалдык тармактын колдонуучулары кожойкенин каармандыгына таң берген пикирлерин жазып жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0