Жыйыл районундагы каракчылыкка шектелген жаран Бишкек шаарында кармалды. Анын үйүнөн курал-жарак табылганын шаардык милициядан билдиришти.
Маалымат кызматы 29 жаштагы шектүүнүн колго түшүрүлүп, суракка жеткирилген видеосун жарыялады.
"Ал бир нече жолу уурулук боюнча соттолгон. 2015-жылы Чаткал районунда, 2018-жылы Сокулук районунда эркинен ажыратылган. Ошондой эле жаза аткаруу жайынан качып кеткендиги үчүн кылмыш иши козголгон", — деп айтылат маалыматта.
Үйүн тинтүүдө бир тапанча, ок жана бычактар табылган.
Аламан улакты Сейдали Келдиев үч уулуна бата алуу үчүн өткөрдү. Ал өзү да 18 жылдан бери улак тартып келет, белгилүү балбандардын бири.
Улакчылар аттын жалына торпокту тартып алары менен такымдап, зоот атын чаң ызгыта чаап жөнөйт. Эгер жерге түшүп калса топту жарып кирип, жүздөгөн атаандашынын арасынан сууруп чыгышы керек. Эрендер кең талаада жерден эңип, бири-бирине ашырып кызыктуу оюн курушту.
Москвада кыргызстандык төрт жаштагы бала соода борборунун экинчи кабатынан кулап кеткендигин Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.
5-мартта Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат аталган бөлүмдүн башчысы менен жолукту. Ал кулап кеткен баланы көрүп, нейрохирургиялык бөлүмдүн башчысынан бөбөктүн тезинен сакайып кетиши үчүн бардык чараларды көрүүнү өтүндү.
Мындан тышкары, элчи жабырлануучунун жакын туугандары менен жолугуп, дипломатиялык өкүлчүлүк юридикалык жардам көрсөтөрүн айткан.
Элчиликтин юристтери үй-бүлө менен тыгыз байланышта иш алып барып жатканы, бул маселе өкүлчүлүктүн көзөмөлүндө турганын белгиледи.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Жааматтык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө болгон мамлекеттер "Массалык жок кылуучу куралдардын жаңы түрлөрүн жана ошондой куралдардын жаңы системаларын өндүрүү жана иштеп чыгууну тыюу салуу жөнүндө" бирдиктүү билдирүүнү кабыл алышты.
"Аталган уюмга мүчө болгон мамлекеттер мындай маанилүү документтерди макулдашуу учурдун талабы экендигин белгилешет. Анткени эл аралык жана аймактык коопсуздук үчүн учурда жаңы чакырыктар пайда болууда. Алардын арасында массалык жок кылуучу куралдардын жаңы түрлөрүнүн пайда болушу, түрдүү курал-жарактардын космос мейкиндигинде жүрүүсү, маалыматтык жана коммуникациялык технологиялардын деструктивдүү багытта колдонулушу, коркунучтуу куралдардын террордук топ же уюмдардын колуна тийип калганы да бар. Андан сырткары, илимий-техникалык прогресстин аркасында трансулуттук корпорация, мамлекеттик эмес субъектилердин ролу да жогорулоодо. Мунун баары жыйынтыктуу чечимдерди кабыл алып, Бириккен Улуттар Уюмунун системасындагы тармактык органдар жана Куралсыздандыруу боюнча конфреренция менен өз убагында иш-аракеттерди биргеликте көрүүгө мажбур кылууда", — деп жазылат билдирүүдө.
ЖККУнун мүчөлөрү абалды мындан ары көзөмөлдөөгө үндөп зарыл болгон сунуштарды иштеп чыгууга чакырат жана буга чейин БУУнун Генералдык Ассамблеясы кабыл алган үч жылдык резолюциясын колдойт.