Өнөрпоз азыр 15ке толду. Ал манас айтып эл алдына 3,5 жашында чыгып, Кыргызстандагы эң кенже манасчы атка конгон. Айрым илимпоздор аны 7 жашында "кичинекей гений" деп аташкан. Ал эми 9 жашында "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылган.
Нарында туулуп, Ысык-Көлдө жашап, Бишкекке анда-санда келген Үмөттү редакциянын журналисттери маекке тартты. Ал акыркы кезде эмне менен алектенип жүргөнүн, жаштардай интернетке көп кирбей турганын, режиссёр болсо Саякбай манасчы тууралуу тасма тартарын, кичирээк чакта эсте калган учурлары тууралуу айтып берип, бир катар суроолорго жооп берди.
18-январда айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кирени 5 сомго жогорулатууну талап кылып, жол акы 2012-жылдан бери көтөрүлө электигин белгилешкен. Мэр бул маселени чечүүгө убакыт керектигин айткан.
Анткен менен бүгүн киши ташуучу жеке компаниялардын жетекчилери мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевден кичи автобустардагы жол кирени 19-20 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышкан. Азырынча жол кире боюнча так бир чечим чыга элек.
Мэр, ошондой эле, натыйжалуу иш алып баруу үчүн жеке фирмалардын жетекчилеринин атынан бир өкүлдү тандап, аны өзүнүн коомдук кеңешчиси кылууну суранган.
Бүгүнкү күндө маршруттук таксилердин айдоочулары канча табарын сураштырдык. Алардын айтымында, киреше канча каттам жасагандыгына жараша түшөт. Айрымдары күнүнө 700 сомго чейин, кээ бири 1 500 сомго чейин акча каражаты өздөрүндө каларын айтышты.
Турсунбекова комиссияга пандемияда каза болгондордун жакындарынын атынан кирген. Ал баяндамасын аяктап жатып өлкөнүн медицинасы дээрлик талкаланып бүтүп, жетер чегине жеткенин белгиледи.
"COVID-19 пандемиясы биздин саламаттык сактоо тармагынын абалын көрсөтүп койду. Мен көргөндөн бир гана саламаттыкты сактоо системасы чириген эмес, башкалары да бар. Ал жерде эч нерсе кылбай, жылдап жетекчилик кызматта отургандар, бир кызматтан экинчисине секирип жүргөндөр айрым олигарх врачтарга мамлекеттик ооруканаларда жеке бизнесин жүргүзүүгө шарт түзүп берип жатат. Ошол эле учурда биздин жаш, кесипкөй кадрлар жумуш издеп чет өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болууда", — деди Турсунбекова.
Себеби баасы 600-650 сом турган жеке коргонуучу бир костюмду мамлекет 6000 сомго сатып алган учурлар бар экенин айтат.
Пандемиянын кесепеттерин иликтеген комиссиянын курамына дарыгерлер, ыктыярчылар, журналисттер жана коронавирустун курмандыгы болгондордун жакындары кирген. Изилдөөнүн жыйынтыгы рекомендациялык мүнөзгө ээ жана ал Коопсуздук кеңешине өткөрүлүп берилет.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы балдар үчүн кинофильмдин сценарийине сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлады.
Ага ылайык, арыздар "Кыргызфильм" киностудиясынын электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.
Сценарийдин тиркемесине төмөнкүлөр кирет:
"Сценарийлер америкалык форматта гана кабыл алынат. Ал эми тиркемелери менен өзү кыргыз тилинде жазылышы шарт. Жеңүүчүлөрдүн эмгеги киностудиянын расмий сайтына жарыяланат", — деп айтылат маалыматта.
Мыкты эмгектин ээсине 100 000 сом гонорар төлөнүп бериле турганы кошумчаланды.