Жалал-Абадда изделген аялды өлтүрүп, таштандыга көмүп коюшкан. Видео

Жазылуу
Акча бербеген аялды муунтуп, таштандыга көмүп, кылмышын жашырууга аракет кылган деген шектүүлөрдү Жалал-Абаддын милициясы таап чыкты. Бул тууралуу аталган облустун милициясынан кабарлашты.

Буга чейин, тагыраагы, 26-ноябрь күнү Жалал-Абад шаарынын 36 жаштагы тургуну милицияга аялы жок болуп жаткандыгын айтып, арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын 25-ноябрь күнү саат 15:30 чамасында 42 жаштагы жубайы Бахтигүл Базарматова Жалал-Абад шаарынан кызы менен коштошуп, үйүн көздөй кеткен боюнча келбегендигин айткан.

Бул маалымат коомчулукта резонанс жаратып, дайынсыз болуп жаткан аялды табуу максатында Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлү астында тиешелүү иш-чаралар уюштурулган.

Село Катран Ляйлякского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Баткенде жоголгон аял Өзбекстан менен Тажикстандан да изделип жатат. Сүрөт
Кечээ, 6-декабрда, Бахтигүл Базарматова киши колдуу болуп өлтүрүлгөн деген ыкчам маалымат алынган. Бул өзгөчө оор кылмыштын бетин ачуу максатында шек жараткан 39 жана 27 жаштагы эки киши аныкталып, ошол эле күнү жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Жалал-Абад шаарынын Х.И. жана Сузак районунун П.Ш. аттуу тургундары кармалган.

Облустук милиция шектүүнү кармап, окуя болгон жерге, тагыраагы, аялдын сөөгүн көмгөн жерге алып барганда алардын бири эмне кылышкандыгын баяндаган. Бул боюнча тартип коргоо органдары видео таратты.

Анда шектүүнүн бири маркумду кантип алып келгендигин айтып берип жатат.

"Ш (экинчи шектүүнүн аты – ред.)... менен бирге түшүрдүк (сөөктү – ред.) да бул жакка койдук. Ш. машинаны минип, өйдө чыкты. Мен үстүнө (сөөккө – ред.) матрацты койдум. Максатым жок эле, коркуталы дегенбиз...", — деп айтып берип жатканын көрүүгө болот.

Милиция кызматкеринин ошол убакта жабырлануучунун абалы кандай эле деген суроосуна анын "эже кыймылдабай калыптыр" деген жообун да угууга болот.

Тергөөнүн маалыматтарына караганда, эки шектүү 25-ноябрь күнү сыртынан тааныган Базарматова менен жолугуп, Жалал-Абад шаарынын Ленин — Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишинен саат 16:30дар чамаларында "Тойота-Авенсис" автоунаасы менен алып кеткен. Аталган калаанын четиндеги ээн талаага алып барып акча сурашкан.

Случаи семейного насилия в КР - Sputnik Кыргызстан
Аялын өлтүрө сабап он жылдан кийин кармалган зөөкүр. Ноябрдагы соттук чечимдер
"Базарматова акча жок экендигин айткандан кийин И.Х. өзүнүн автомашинасында турган кол чачыгы менен аны муунтуп өлтүрүп, көтөрүп жүргөн сумкасында болгон 32 000 сомун, тагынып жүргөн алтын буюмдарын алып, кол телефонун ыргытып жиберишкен. Базарматованын сөөгүн шаардан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан Сузак районунун Чангет-Сай дарыясынын жээгиндеги таштандыга көмүп коюшкан. Бирок ушул аралыкка чейин дененин толук көмүлбөй ачык калган бөлүктөрүн карга-кузгун жеп койгондугу аныкталып, экспертиза дайындалган", — деп айтылган милициянын маалыматында.

Эки шектүү жасаган кылмышын мойнуна алып, окуя кандай болгондугу тууралуу жана сөөктү көмгөн жерди көрсөтүп беришкен. Сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында шектүүлөр Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоо абагына киргизилген.

Ал эми кылмыш реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0