Назданган кыздар көпүрөдөн кир сууга кулап түшкөндө. Сулуулук сынагындагы видео

Жазылуу
Конкурсту атайын борбордон эмес, өлкөнүн түндүгүндөгү Чиангмай шаарынан өткөрүүнү чечишкен. Анын алкагында кооз ресторандарда фотосессия болмок.

Видеодон "Таиланд сулуусу" сынагынын катышуучулары асма көпүрөдө жабыла туруп сүрөткө түшүп жатканын, аркандын эки чекесине күч келип кетип кыздар кир сууга кулап түшкөнүн көрүүгө болот.

Показ моды в Калькутте - Sputnik Кыргызстан
Таажы киер алдында "Африка сулуусу" болгон кыздын чачы күйүп кетти. Видео
The Daily Mail басылмасынын жазышынча, окуя конкурстун экинчи күнүндө болгон. Көпүрөнүн астындагы кир сууга 30 кыз тең түшүп кеткен. Анын кесепетинен үч кыз жеңил жаракат алган.

Ресторандын жетекчиси сынактын катышуучуларынын булганган кийимдери менен дарылануусунун чыгымдарын көтөрүүнү убадалаган.

Улуттук сулуулар сынагынын директору Адисорн Судди коопсуздук үчүн иш-чараны борбордон эмес Чиангмай шаарынан өткөрүүнү чечишкенин айткан. Ал сынак ушул эле курамда улантыларына ишендирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0